Садыр Жапаров "Көчмөндөр мурасынын" сунуштарын жактырды. Тизме

Демилгелердин арасында бир нече ГЭС куруу жана кендерди өздөштүрүү сунушу бар.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров "Көчмөндөр мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө компания ата мекендик экономиканы стимулдаштыруу, минералдык-сырьёлук базаны, өнөр жайды, гидроэнергетикалык потенциалды, санариптик технологияларды өнүктүрүүгө багытталган 32 долбоорду, ошондой эле билим берүү, туризм жана медицина жаатында дагы долбоорлорду сунуштаган.
Сунушталган демилгелердин арасында Ысык-Көл облусунда цемент заводунун курулушу, өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 5 миллион тонна болгон "Кавак" күрөң көмүр бассейнин өздөштүрүү долбоору, Куттисай, Талды-Булак, Андаш кендерин өздөштүрүү бар. Мындан сырткары, "Чоң-Кемин", "Кара-Көл" жана "Орто-Токой" ГЭСтерин куруу, билим берүү жана IT тармагын колдоо жана өнүктүрүү долбоору, өнөр жай жана кайра иштетүү ишканаларын куруу да камтылган.
Мамлекет башчы сунуш кылынган долбоорлордун концепциясын жактырып, "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ААКтын 2022-жылга карата бюджетин бекитти. Долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруу керектигин белгилеген.
Маалымат катары айта турган болсок, "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинг компаниясы" ачык акционердик коому "Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө" президенттин 2021-жылдын 29-январындагы №5 жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн.
Садыр Жапаров ата мекендик "Белес" автобусун айдап көрдү. Видео, сүрөт
Чүй облусунда арматура чыгаруучу завод ишке кирип, ага Жапаров барды. Сүрөт