Парламент Алмазбек Бейшеналиевди билим берүү министри кызматына жактырды

Бейшеналиевди бул кызматка президент Садыр Жапаров сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Парламент билим берүү жана илим министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлигин жактырды.
Бейшеналиевди бул кызматка президент Садыр Жапаров сунуштаган.
Натыйжада аны 76 депутат колдоп, каршы чыккандар болгон жок.
Белгилей кетсек, Бейшеналиев 2021-жылдын июнь айында республиканын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп шайланган. Ошол эле жылдын августунда Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дагы дайындалган. Ага чейин 2020-жылдын октябрь айынан 2021-жылдын май айына чейин билим берүү жана илим министри кызматын аркалап келген.
Эдил Байсалов БУУ структурасындагы кызматка дайындалды