Эми кайсы жерге мектеп куруу керектигин Билим берүү министрлиги чечет

Бул демилгени президент, өкмөт башчы сунуштаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Мындан кийин кайсы жерге мектеп куруу керектигин Билим берүү жана илим министрлиги чечет. Бул тууралуу министр кызматына талапкер Алмазбек Бейшеналиев парламентте билдирди.
"Кызматка кайра келип жатканда президент жана министрлер кабинетинин төрагасы менен болгон жолугушууда ушул маселеге экөө тең токтолду. "Мындан кийин министрлик кайсы жер мектепке муктаж десе ошолор биринчи бүткөрүлөт" деген сөздөрүн айтышты", — деди Бейшеналиев.
Депутат Нурбек Алимбеков бул демилгени кубаттап, кээ бир мектептер түштөн кийин бош калса, башка жерде бир класста 40-45 бала үч смена менен окуп жатканын айтты.
Эскерте кетсек, Алмазбек Бейшеналиев буга чейин да билим берүү жана илим министри болуп иштеген. Кийин Швейцарияга элчи болуп дайындалып, ордуна Болотбек Купешов келген. 14-февраль күнү президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулуп, Бейшеналиев министрдин милдетин аткарып калган.
Алмазбек Бейшеналиев министрликтен кетип, кайра келишинин себебин айтты