БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев кыргызстандыктарга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Анын видео кайрылуусун Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитети жарыялады.
Бүгүн эртең менен Гордеев Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндарына катышып бүттү.
"Урматтуу кыргызстандыктар! Ушунчалык ынтымагыбыз бекем болуп, мени колдоп жатканыңар мага абдан жагымдуу. Бирок бүгүн ийгилик буюрган эмес окшойт. Азыр маанайым чөгүп турат. Алдыма коюлган тапшырманы аткара алган жокмун. Машыгуу маалында сол тиземди оорутуп алып, эртең менен бир аз жагымсыз болуп турган. Ошого карабай таймашка чыктым. Лыжаны тебе баштаганда оорубай калат болуш керек деп үмүттөнгөм. Анткен менен дистанциянын биринчи бөлүгүн өткөн соң бутум катуу ооруп, жыгылып калдым", — деди спортчу.
Ал слалом дисциплинасы боюнча жарышка түшкөн.