Мадумаровдун ишин иликтөөчү депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны өттү

Депутат мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бүгүн, 16-февралда, Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго козголгон кылмыш ишин иликтөөчү депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны өттү. Бул туурасында комиссиянын мүчөсү Динара Ашимова билдирди.
Анын айтымында, комиссиянын төрагалыгына Айбек Осмонов шайланган. Мадумаров Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси боюнча мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталууда.
"Бүгүнкү жыйында төраганы шайлап, ага тийиштүү документтерди камсыздап беришин тапшырдык. Алгач кылмыш иши боюнча толук маалымат менен таанышып чыгышыбыз керек. Бүгүн андан башка маселе каралган жок. Кийинки жыйын дүйшөмбү күнү болору күтүлүүдө", — деди Ашимова.
Белгилей кетсек, Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасында Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол тууралуу Башкы прокуратурага бир нече ирет сурак берип чыккан. 10-февралда башкы прокурор парламенттен эл өкүлүн жоопко тартууга макулдук берүүнү өтүнгөн. Мындан улам кылмыш ишин иликтөө үчүн алты депутаттан турган комиссия түзүлгөн.
Абийиринде болсун! Мадумаров башкы прокурордун сунушу тууралуу пикирин айтты