Кыргызстан январдагы карыздан кутулууга 2 млрд. сом коротту

Учурдагы карызды улуттук валютага которуп эсептегенде 436,3 миллиард сомго жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик карызы узаган жылдын 31-декабрына карата 5 миллиард 147,22 миллион долларды түздү. Аны улуттук валютага которгондо 436,3 миллиард сомго жетет. Бул туурасында Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган сумманын 4 миллиард 294,57 миллион доллары ((364 миллиард сом) тышкы карыз. Ал эми ички карыздын көлөмү 852,64 миллион доллар (72,3 миллиард сом).
Ал эми январь айында республикалык бюджеттен карызды төлөөгө (ички-тышкы) 2,01 миллиард сом бөлүнгөн.
Пенсияга деп топтогон каражатты ипотека үчүн пайдаланууга болот. Шарты
Рекорд! Быйыл мамлекеттик карызды тейлөөгө 40 млрд. сом кетет