Дыйкан-фермерлерге арзан кредит берүү үчүн быйыл ири сумма бөлүндү

Буга чейин тогуз жылдын аралыгында долбоорго жалпысынан 40,7 миллиард сом бөлүнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Быйыл жеңилдетилген кредит берүүчү "Айыл чарбасын каржылоо — 10" долбооруна 26 миллиард сом бөлүндү. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Анын айтымында, буга чейин тогуз жылдын аралыгында аталган долбоорго жалпысынан 40,7 миллиард сом берилген.
"Өзүбүздүн финансылык инструменттерибизди, ошонун ичинде бизге баш ийген банктарды капиталдаштыруу аркылуу уставдык капиталдарын көбөйттүк. Быйыл 26 миллиард сомду "Айыл банк" жана "РСК банк" аркылуу 6 пайыздык чен менен айыл чарбасына кредит катары беребиз. Мындан сырткары, 1,5 миллиард сомго үрөн алып, жеңилдетилген насыя катары берип жатабыз. Ал эми ирригацияга биринчи жолу 1,5 миллиард бөлүп бердик", — деди Жапаров.
Өз кезегинде "Айыл банктын" башкаруучулугунун төрагасы Улан Букабаев насыяга табыштамалар кабыл алына баштаганын, бүгүнкү күндө 4,5 миллион сом берилгенин айтты.
Санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө Евразиялык фонд 40 млн. доллар бөлүүнү кароодо
Кыргызстанда малдын башы көбөйүп, тоок азайды