БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бир айдын ичинде Айыл чарба министрлигинин сайты толук иштебесе үч жетекчини кызматтан аларын айтты.
Депутат Дастан Бекешев жарандар жөнөкөй эле масаелелер менен кайрылып жатканын, аны Айыл чарба министрлигинин сайтынан эле таанышып алса болмоктугун, бирок андай маалыматтар жок экенин билдирди.
"Сиз абдан туура айтып жатасыз. Мен азыр айыл чарба министрине, "РСК банк" менен "Айыл банктын" жетекчилерине тапшырма берем. 30 күндүн ичинде министрликтин сайтын иштетип, акысыз тиркемени ишке киргизсин. Республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражат, эки банктагы кредиттик ресурстар тууралуу маалыматтар жеткиликтүү болушу керек. Эгер ал иштер 30 күндө жасалбаса, үчөө тең иштен бошотулат", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал аталган жетекчилерде ачык-айкындуулукту камсыздоого бардык ресурстары бар экенин, бир гана каалоосу болушу керектигин белгиледи.