Жапаров: еврей адис чакырсам "депутатыңар жаман көрөт" деп келбей жатат. Видео

Өкмөт башчы депутаттардан адамдын боюна, оюна тийишпей сын айтууну өтүндү.
Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттын сын-пикирине жооп берип, абайлап сүйлөөгө чакырды.
Өткөн жумада депутат Жеңишбек Токторов "Акылбек Жапаров туулганда еврейлер ыйлаптыр деп айтып жатышат, анын чөнтөгүн тигип коюп иштетиш керек" деген билдирүү жасаган болчу.
"Бири-бирибизге сын-пикир айтып жатканда боюбузга, оюбузга тийишпесек. Мен Израилден консультант чакырып жаттым эле. Анткени Израиль 4,1 миллиард долларлык айыл чарба продукциясын Кытайга экспорттойт экен. Биздики болгону 43 миллион доллар. Аны келип жардам бер десек, "парламентиңер сизди, анан еврейлерди жаман көрөт экен, келбейм" деп жатат. Тамашалап койгон, ал киши менен көп жылдан бери доспуз деп араң кутулуп жатам. Бизге тамаша көрүнгөнү менен башкаларга бөлөкчө көрүнүп калат экен", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал Конституция алмашканын эске салып, министрлер кабинетине болгон мамилени өзгөртүүгө чакырды.
"Мен депутат кезде эки чакырылыш бою өкмөттүн ата-энеси болуп иштедик, ошого көнүп алганбыз. Ата-эне балдарына кандай сөз айтса жараша берет деп. Азыр эми Конституция өзгөрдү, эгер так билсеңиздер, аткаруу бийлигинин башында эл шайлаган президент өзү турат. Ошондуктан карым-катышты бир нукка салып алсак", — деп кайрылды өкмөт башчы.
Ошондой эле ал убактысы болсо эле депутаттардан качпай ар дайым келип жооп берүүгө даяр экенин белгиледи.
Жомок айтып жатасыз. Депутат министрди сындаса, Жапаровдун жообу күлкүгө салды