УКМК РКӨФ башкармалыгынын мүчөсүн кармады. Фонддун түшүндүрмөсү

РКӨФ билдиргендей, тергөө амалдарынын фонддун ишине тиешеси жок.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) башкармалыгынын мүчөсү Нурлан Мамытов кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы маалымат булак билдирди.
Ал коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө.
РКӨФтүн маалымат кызматы билдиргендей, тергөө 2017-жылдагы "Айыл банктагы" окуялар боюнча жүрүп жатат. Ал кезде Мамытов банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.
Тергөө амалдары Мамытовдун РКӨФтөгү иши менен фонддун ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экени белгиленди.
Мамлекеттин акчасын кайтарган миллионер чиновниктердин тизмеси
Прокуратура "Тазалык" мамлекетке 15 млн. сом зыян келтиргенин аныктады