Афган согушунун аяктаганына 33 жыл толуп, Садыр Жапаров ардагерлерге кайрылды

Жапаров мындай маанилүү күндү белгилеп, афганчылардын эрдигин даңазалоо жаш муундун мекен алдындагы атуулдук сезимин ойготуп, тарбия-таалим берүү мамлекеттин негизги максаты экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылган күнүнө карата ардагерлерге кайрылуу жолдоду.
Анда өлкө башчысы 15-февраль афган согушунда курман болгондорду эскерүү менен ардагерлерге урмат-сый көрсөтүү салтка айланганын эске салды.
"Афган согушунун аяктаганына 33 жыл болду. Советтик аскерлердин катарында сиздер да тайманбай, өлүмгө тике карап, душмандардын көптөгөн колун жок кылып, мизин кайтарып келгенсиздер. Тилекке каршы, афган жаңжалы элибиздин башына түшкөн жалгыз оор сыноо болгон жок. "Афган синдромун" туура он жылдан кийин "Баткен окуясы" деген ат менен калган куралдуу кагылышта Мекенди коргоого биринчи болуп афган ардагерлери аттанып чыгышкан", — деди президент.
Ошондой эле Жапаров мындай маанилүү күндү белгилеп, афганчылардын эрдигин даңазалоо жаш муундун Мекен алдындагы атуулдук сезимин ойготуп, тарбия-таалим берүү мамлекеттин негизги максаты экенин белгиледи.
Сөзүнүн соңунда президент ардагерлерге жана алардын жакындарына ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат турмуш каалады.
Аскердик учкуч Мамбеталиев: Афган согушунан бир гана нерсе менен сыймыктанам