БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары президент Владимир Путинге Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу маселесин кароону сунуштаган токтомду бир добуштан колдошту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Бул чечимди 351 депутат колдосо, 16сы каршы чыкты. Мамдуманын спикери Вячеслав Володин документ мамлекет башчыга токтоосуз жөнөтүлөрүн билдирди.
"Депутаттар Донецк жана Луганск элдик республикаларын таануу анын жашоочуларынын коопсуздугун камсыздап, сырткы коркунучтардан сактайт деп эсептешет. Андан сырткары, эл аралык тынчтык менен аймактык туруктуулукту бекемдейт деген ишенимде", — деген ал.
КПРФ парламентарийлери 19-январда Россиянын президентине Донбасс республикаларын эгемен мамлекет катары көз карандысыздыгын таануу зарылдыгы боюнча кайрылуу долбоорун жолдогон. Анда эл аралык мамилелердин укуктук негизин түзүү жана өз ара жардамдашуу, кызматташуунун бардык аспектилерин жөнгө салуу боюнча алардын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү эртерээк жүргүзүү айтылган.
14-февралда "Единая Россия" фракциясынын депутаттары Мамдумага КПРФдин токтом долбоору боюнча ТИМ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү сунушун киргизди.
Володиндин айтымында, АКШ абалды чыңалтып, европалык өлкөлөр менен биргеликте Украинага курал берүүдө. Ал эми Киев мурдагысындай эле Минск келишимин сактабай келет. Бул Россия жарандарынын жана Донецк, Луганск республикаларындагы мекендештеринин жашоосуна кооптуулук жаратат.
Кечээ РИА Новости Мамдумадагы КПРФ фракциясынын лидери Геннадий Зюганов Украинадагы абал кооптуу болуп турганын, ал эми аталган республикаларды таануу боюнча президентке кайрылуучу кандай гана долбоор болбосун кабыл алуу алдыга жасалган кадам экендигин айткан.