БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайларда 83 миңге жакын чет элдик студент билим алат, бул жалпы студенттердин 35 пайызын түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети 2021/2022-окуу жылына карата берген маалыматында камтылган.
Чет элдик студенттердин басымдуу бөлүгү (59 миң) КМШ өлкөлөрүнүн жарандары. Алардын саны беш жыл аралыгында 7,7 эсеге өскөн. Өзбекстандан келген студенттердин саны 5 жылдын аралыгында 11ден 90 пайызга чейин көбөйгөн. Ал эми Казакстандан келгендер 43төн 3 пайызга чейин кыскарган.
© Фото / пресс-служба Национального статистического комитета КР
Ал эми соңку беш жылдын ичинде алыскы өлкөлөрдөн келип окуп жаткандардын саны 6 миңден 19 миңге жеткен. Бул аралыкта индиялык студенттер 73төн 63 пайызга чейин азайып, пакистандыктар 6дан 31 пайызга чейин көбөйгөн.
© Фото / пресс-служба Национального статистического комитета КР