БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдындагы "Тазалык" муниципалдык ишканасы мамлекетке 15 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Бюджеттик мыйзам бузуу фактысын Бишкек шаардык прокуратура аныктаган.
"Текшерүүнүн жыйынтыгында акча каражатын төлөөдө жана "Тазалыктын" товардык-материалдык баалуулуктарын эсептен чыгарууда мамлекетке 15 191 500 сом зыян келтирилгени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча төмөнкү беренелер боюнча иш козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө:
337 ("Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу");
339 ("Билип туруп пайдасыз келишим түзүү"),
346 ("Кызматтык жасалмачылык").