Казакстан эмнеге кыргыз товарларын өткөрбөй жатат? Жапаров себептерин атады

Өкмөт башчы жакында Нур-Султанда өтө турган ЕАЭБ премьер-министрлеринин жыйынында дал ушул маселени көтөрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстан кыргыз товарларын өткөрбөй жатышынын бир нече себептерин атады.
"Өзүңүздөр билгендей, Казакстанда саясий элита алмашып жатат. Бул жакын арада аягына чыгат деп үмүттөнөм. Биз Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп алгандан кийин коңшулар менен тынчтыкта, узак жашайбыз деп ойлойм. Анда сууну жөнгө салуу объектилери болот. Бул Казакстанга дагы тиешелүү. Качан гана кызыкчылыктар биз тараптан да, алар тараптан да сактала турган болсо алдыга жыла алабыз. Азыр Хоргосто кылмыш иши козголуп бир топ киши кармалган. Бажы тарабында дагы реформалар жүрө баштады. Ошондуктан аларда дагы мүчүлүштүктөр болуп жатса керек", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Ошондой эле ал 24-февралда Нур-Султанда өтө турган ЕАЭБ премьер-министрлеринин жыйынында күн тартибинде жок экенине карабай эркин соода жүгүртүү маселесин көтөрө турганын билдирди.
"ЕАЭБ эркин соода, акча жүгүртүү принцибин сакташы керек же ал такыр жок болушу керек. Биз азыр ошол маселени жөнгө салууга аракет кылып жатабыз. Биздин бизнесмендер дагы кыянаттык кылбашы зарыл. Навигациялык пломбалар коюлуп, декларацияда көрсөтүлгөн товарлар иш жүзүндө дал келиши шарт. Дайым эле декларация менен дал келе бербейт", — деди Жапаров.
Аны менен катар өкмөт башчы Казакстандын чек арасындагы көйгөйдү Россия тарап менен чечиш керектигин белгиледи.
"Жүк ташуучу унаанын ичинде өтмөк (машинанын ичиндеги товарды көрүүгө ылайыкталган бош орун) болушу керек деген талапты Россия ойлоп тапкан. Кытай товарлары Россияга Казакстандан дагы кирет, ошондуктан үч өлкө отуруп чечиш керек. Бул ишти ордуна коймоюнча болбойт. Казакстан "силердин да, биздин да товарларды унаанын ичинде өтмөк жок болсо, Россия киргизбей жатат" деп айтууда", — деди Жапаров.
Ал кечээ жакында эле Россия Кыргызстандын 20 унаасын товардык декларациясы дал келбегени үчүн артка кайтарганын кошумчалады.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу качан башталары белгилүү болду
Акылбек Жапаров оң рулдуу унааларды алып келүүгө каршы. Себеби