Акжол Махмудов баштаган балбандар Көлдө регби ойноп, машыккан видео

Спортчулар Азия чемпионатына жана алдыда өтө турган эл аралык мелдештерге даярдык көрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу Спорт жана дене тарбия департаменти билдирди.
Департамент балбандар машыгуу маалында регби ойногон видео таратты.
22-январда башталган машыгуу 12-февралда аяктаган.
Бул иш-чаралар Азия чемпионатына жана алдыда өтө турган эл аралык мелдештерге даярдык болуп эсептелет.
Машыгууга жалпы 35 спортчу чакырылган. Аларды даярдыктан улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков менен башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев өткөргөнү айтылды.
Айсулуу, Мээрим, Акжол мамлекеттен канча стипендия алат. Жаңыланган тизме