Быйыл Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет

Министрлик Сыдыкбеков жашаган үйдү үй-музейге айлантууга көмөк көрсөтө тургандыгын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. 2022-жылы Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Билдирмеге караганда, министр Азамат Жаманкулов академик Түгөлбай Сыдыкбековдун үйүнө барып, жазуучунун уулу Сабырбек Сыдыкбеков менен жолуккан.
"Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Жаманкулов 2022-жылы Сыдыкбековдун 110 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгилене тургандыгын айтып, жазуучунун китептерин санариптөө, жеке буюмдарын сактоо үчүн өзү жашаган үйдү үй-музейге айлантууга көмөк көрсөтө тургандыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Түгөлбай Сыдыкбеков — ХХ кылымдагы кыргыз адабиятындагы реалисттик прозаны калыптандырууга жана өнүктүрүүгө чоң салым кошкон залкар жазуучу, академик, Кыргыз Республикасынын Баатыры. Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган. Ал "Темир", "Кең-Суу", "Биздин замандын кишилери" жана башка чыгармалардын автору.
"Тоо арасында" романы жөнүндө жети факты. Окурман сүйгөн апенди чалыш Ыманбай