Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Аскердик машыгуулардын бир бөлүгү жакында аяктайт. Шойгунун билдирүүсү

Машыгуунун 20-февралга чейин созулары, максат — тышкы агрессиянын жана террорчулардын чабуулунун мизин кайтаруу экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Россиялык аскерлер өткөрүп жаткан машыгуулардын бир бөлүгү соңуна чыкканы калды. Бул тууралуу коргоо министри Сергей Шойгу Россия лидери Владимир Путин менен жолукканда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Дагы бир ирет кайталай кетейин, машыгуу жүрүүдө, алардын кайсы бир бөлүгү аягына чыгып жатат, ал эми кайсы бир бөлүгүн мурдатан белгиленген маселени эске салып, орундатуу иштери турат. Иш-чара сиздин тапшырма боюнча декабрь айында башталган", — деди Шойгу.
Масштабдуу маневрлардын бири - Россиянын куралдуу күчтөрүнүн орус-беларусь биргелешкен "Союздук чечкиндүүлүк-2022" деп аталган машыгуусу. Бул союздук мамлекеттердин аракетке келүүчү күчтөрүнүн ыкчам мүмкүнчүлүгүн текшерген экинчи этабы. Ал 20-февралга чейин созулат. Максат — тышкы агрессиянын жана террорчулардын чабуулунун мизин кайтаруу.
Буга чейин Украина коопсуздук жана ишенимдүү бекемдөө боюнча 2011-жылдагы Вена документинин катышуучуларынын жолугушуусун чакырган. Мунун алдында Киев Москвадан Россиянын аймагына аскерлердин жайгашуусуна түшүндүрмө берүүнү талап кылган, бирок украин бийлиги жооп ала алган эмес. ЕККУнун сүйлөшүү, кеңешүү иштери 15-февралда өтөрү айтылууда.
2011-жылдагы ЕККУнун Вена документи өлкөлөр арасындагы ишеним менен коопсуздукту бекемдөөгө багытталган. Анын алкагында мамлекеттер жыл сайын аскер күчтөрү, куралдануунун негизги системалары туурасындагы маалыматтарды алмашып турат. Андан сырткары коргонуу жана аскердик бюджеттер жөнүндө да пландоолору менен бөлүшөт. Документте "адаттагы эмес аскердик ишмердүүлүккө" жана кооптуу чатактарга байланыштуу сүйлөшүү, кеңеш берүүлөр каралган.

Украина маселеси

Акыркы айларда АКШ жана НАТОнун башка өлкөлөрү Москваны Украинага "кол салууга" даярданып жатат деп күнөөлөп келет. ЖМКлар АКШнын президенти Жозеф Байден Европа лидерлерине Россия коңшу мамлекеттерге 16-февралда "кол саларын" айтканын жазган.
Кремль менен Россия ТИМи алар Украинадан айырмаланып Минск макулдашуусун бузбастыгын – коңшу өлкө ичиндеги чатактарга киришпээрин, келишимдерди сактаарын айтып, бардык кинелерди четке кагып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Жабык Кара деңиз: Россиянын машыгуусу — опуза эмес, эскертүү