Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатынан 10 ирмем

Мурдагы ички иштер министри, генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиев 2022-жылдын 12-февралында дүйнө салды. Маркумдун сөөгү 14-февралда Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.
Sputnik
Конгантиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Акыркы сапарга узатууга министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ИИМ кызматкерлери, министрлер, коомчулук келди.
Молдомуса Конгантиев 64 жашта эле.
1 / 10

Молдомуса Конгантиев 2008-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын ички иштер министри болуп эмгектенген

2 / 10

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев 2022-жылдын 12-февралында ооруп каза болду

3 / 10

Конгантиев менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү

4 / 10

Генерал-лейтенант Молдомуса Конгантиевди урмат менен акыркы сапарга узатышты

5 / 10

Молдомуса Конгантиев 30 жылдан ашуун ички иштер органдарында иштеген

6 / 10

"Конгантиев милициянын ишин өркүндөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу ишине олуттуу жеке салым кошкон", — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө

7 / 10

Конгантиев милицияда кызмат өтөөнү кенже жетекчилик курамдан баштап ИИМ жетекчилигине чейин көтөрүлгөн

8 / 10

Молдомуса Конгантиевдин сөөгү Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду

9 / 10

Молдомуса Конгантиевди жерге берип жаткан учур. 2022-жыл, 14-февраль

10 / 10

Молдомуса Конгантиев 64 жашында дүйнө салды. Аны акыркы сапарга узатып топурак салууга бийлик өкүлдөрү, милицияда кызмат өтөгөн санаалаштары, шакирттери барды