БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Өткөн суткада 46 кишиден коронавирус аныкталып, 236 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Илдет илештиргендер:
Бишкек шаары – 31;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 7;
Баткен облусу — 2.
Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 200 066га жетип, анын ичинен 192 971 адам дартты жеңген.
Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Бир сутка ичинде дарт үч бейтаптын өмүрүн алган. Бардыгы Бишкек шаарынын тургундары.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 485 бейтап стационарда, ал эми 2 119 адам амбулатордук шартта дарыланып жатканы белгилүү болду. Ооруканадагылардын ичинен 205 бейтаптын абалы оор болсо, 48 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.