Франциянын M6 телеканалында "Пекин экспресс" аталышындагы реалити-шоу башталды. Кыргызстанда 2021-жылы жайында тартылган.
Реалити-шоунун 15-сезонунун "Бүркүттөрдүн мекенинде" деген биринчи сериясы өткөн дем алыш күнү көрсөтүлүп, телеканалдын YouTube-каналына жүктөлдү.
"Пекин экспресси" реалити-шоусунун он бешинчи сезону бүркүттөрдүн мекенинен башталды", — деген Кыргызстан тууралуу видеонун башында айткан алып баруучу.
Жаңы сезондо ар биринде экиден киши катышкан сегиз команда ойногон. Сюжет боюнча Соң-Көлдө түрдүү, анын ичинде турмуштук сыноодон өтүшөт. Жеңген үч командага Ысык-Көлдөн бүркүттөрдүн көз талдырган кармашын көрсөтүп, боз үйдө эс алдырышкан. Сынактын экинчи күнүндөгү сыноолордун бири жаа менен ок атуу болгон.
Реалити-шоунун кийинки серияларын Кыргызстандын түштүгүндө тартуу пландалып жатканы айтылат. Бул долбоорду орточо эсеп менен 3,5 миллион адам көрөт. Видеолору Европа менен Түштүк Африканын телеканалдарында берилет.
Өткөн жылы серияны тартуу үчүн Кыргызстанга тартуу тобунун 70тен ашуун мүчөсү келген.
Тема боюнча: