Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Батыш менен бир пикирге келүү мүмкүнчүлүгү дайыма бар

Россия ТИМинин башчысы АКШ, НАТОнун он барактан турган катына жооп даярдалып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Батыш менен коопсуздук келишими боюнча сунуштар жаатында макулдашууга мүмкүнчүлүк дайыма бар. Бул тууралуу ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Россия лидери Владимир Путин менен жолукканда айтканын РИА Новости жазды.
Путин өнөктөштөр менен маанилүү деген маселелер боюнча макулдашууга келүүгө мүмкүнчүлүктүн бар-жогун сурап, же ал Россияны баш-аягы көрүнбөгөн сүйлөшүү процессине тартуу аракетиби деген маанайда собол узаткан.
"Биз бир нече ирет айттык. Сиз да айттыңыз, РФтин башка өкүлдөрү бүгүн чечүүнү талап кылган бул маселе жаатында сүйлөшүү баш-аяксыз болуп созулуп кетпешин, ал бул күндөрү чечилиш зарылдыгын эскертти. Бүгүн ТИМдин башында турган адам катары мүмкүнчүлүк ар дайым бар экендигин айтам", — деп жооп берген министр.
Анын айтымына караганда, Россия тарабынан айтылган маанилүү маселелер боюнча (НАТОнун тамырлап кетпеши, Европада 1997-жылдагы аскердик-саясий конфигурациянын кайтып келбеши жана сокку уруучу куралдардын жайгаштырылбашы) АКШ терс жооп берген.
АКШнын 10 барак кылып берген жообунун биринчи бөлүгү Россияны канааттандырбайт, ал эми экинчиси алда канча конструктивдүү.
Министр АКШ менен НАТОго жооп кылына турган каттын долбоору 10 барак экендигин айтты.
2021-жылдын аягында Россия АКШ менен НАТОнун макулдашуусунун коопсуздук кепилдиги боюнча келишиминин долбоорун жарыялаган. Москва батыштан НАТОнун чыгышты карай кеңейишинен баш тартууну, Украинаны аталган блокко кошулуусун жана постсоветтик мамлекеттерге аскердик базаларды жайгаштыруудан алыс болуу талабын коюп келет. Андан сырткары, НАТОнун сокку уруучу куралдарын Россиянын чек арасына жакын жайгаштырбоо, альянстын күчтөрүн Чыгыш Европадан 1997-жылдагы позициядан чыгаруу туурасындагы пункт бар. Январдын соңунда АКШ, НАТОнун Россия тарап сунуштаган коопсуздук кепилдиги боюнча Москвага жазган жообун берген.
Коопсуздук кепилдиги. АКШ менен НАТОнун Россияга берген жообу ачыкка чыгып кетти