Алмаз уулу Аскар — өмүр баяны

Аскар Алмаз уулу 1993-жылы 7-ноябрда Бишкек шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 2021-жылы Заманбап информациялык технологиялар институтун "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.
Sputnik
Эмгек жолу:
2019 — "Демилгелүү жаштар борбору" коомдук бирикмесин түзүп, бир нече социалдык долбоорлорду ишке ашырган;
2021-жылдан тартып "Эл үмүтү" социал-саясий партиясынын төрагасы.
2021-жылдын ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо "Эл үмүтү" партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.