Маевка айылында 25 млн. сомдук 5,8 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Текшерүүнүн жүрүшүндө аталган аянттагы жер тилкеси менчикке берилип кеткени аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Аламүдүн районуна караган Маевка айыл өкмөтүндөгү 5,8 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматта прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы 25 миллион сомго бааланган жер мыйзамсыз түзүлгөн келишимдин негизинде В.С. аттуу жаранга берилип кеткени аныкталганы айтылат.
Жер тилкесин мамлекеттин карамагына кайтаруу максатында көзөмөл органы сотко доо арыз менен кайрылган. Натыйжада толугу менен канааттандырылып, аталган жер аянты муниципалитеттин балансына өттү.
Көлдө кымбат 83 объектини менчиктеп алышкан. УКМК коррупциялык схеманы тапты