Sputnik Кыргызстан радиосунда айыл чарба министринин орун басары Мурат Байдылдаев, мурдагы айыл чарба министри, легендарлуу парламенттин депутаты, аталган тармактагы эксперт Карыпбек Асанов болду. Коомчулукта чуу жараткан өкмөттүн №309 токтомунун маани-маңызы жана кандай кооптуулуктарды жаратары тууралуу баарлаштык.
— Акыркы учурда коомчулукта, керек болсо Жогорку Кеңеште да №309 токтомго карата бир топ сын айтылып, кызуу талкуулар болду. Аталган токтомдун маани-мазмунуна токтолсоңуз?
Мурат Байдылдаев: — Былтыр жыл башында президенттин жарлыгы чыккан. Анда үрөн, асыл тукум кооперативдерин өнүктүрүү үчүн мамлекеттик фонддун жерлеринин бир бөлүгүн министрликтин карамагына өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталган. Биздин министрлик атайын токтом иштеп чыгып, аны министрлер кабинетине киргизген соң 309-номер менен ушул токтом жарык көрдү.
Ага ылайык, мамлекет ижарага берген жерлерди кайтарып алып, айыл чарба кооперативдерине, үрөн жана асыл тукум чарбаларына берүү мерчемделген. Анда айыл чарба продукциясын бирдиктүү массивде өндүрүү жана сатуу үчүн кооперативдер, үрөн жана асыл тукум чарбаларына мамлекеттик фонддогу жерлердин 75 пайызын бөлүп берүү каралган. Бул үчүн жергиликтүү бийлик органдары менен министрлик ал жерлерди аныктап чыгышы зарыл. Учурда инвентаризация иштери аяктады.
Кыргызстан боюнча айдоо жери 1 миллион 200 гектардан ашык, ошонун ичинен 222 миң гектардан көбү мамлекеттик фондго карайт. Мындан 124 074 гектар сугат жер, ал эми кайрак жерлер 101 583 гектарды түзөт. Аталган токтомдун айланасындагы ызы-чууну туура эле түшүнөбүз. Анткени бир канча жылдан бери бул жерлерди колдонуп жаткандар куру калды да. Инвентаризациянын жыйынтыгы менен көп жерлерге ээлик кылып алгандар аныкталды. Ошондуктан алар реформага каршы турууда. Токтомду ишке ашыруу үчүн жобо иштелип чыгат. Ал жобого ылайык, ушул жазда ижарага берилген жерлердин мөөнөтү бүткөндөрү гана кайтарылат. Бул жерде 222 миң гектар жер тууралуу сөз болгон жок. Жазында республика боюнча 13 миңдей гектардын ижара мөөнөтү бүтөт. Мисалы, ошол эле Чүйдө жалпы 78 079 гектар айдоо жердин 5 миң 547 гектарынын ижара мөөнөтү аяктайт. Анын 75 пайызы комиссия аркылуу аныкталып, үрөн жана асыл тукум чарбаларына берилсин деп жатабыз. 1994-жылдан баштап Кыргызстан боюнча айдоо жерлердин 75 пайызы жеке менчикке кеткен. Калган 25 пайызы бөлүштүрүү фондунда калып, кийин мамлекеттик фондго өткөн.
— Бирок буга каршы чыккандар токтом байлардын лоббиси болуп каларын айтышууда...
М.А.: — Көп жерлерди алгандар мамлекетке канча салык төлөгөн, жеке чарбада канча киши бар жана социалдык фондго төлөнгөн взностун баарын инвентаризациялап туруп, маалыматты элге ЖМК аркылуу беребиз. Айыл чарба министрлиги 40 районго барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келди. 2021-жылдагы мониторинг боюнча өлкөдө буга чейин 269 асыл тукум чарба бар болсо, бүгүн анын 108ин гана талапка ылайык деп таптык. Калгандары талапка жооп бербейт. Ал эми 109 үрөн чарбасынын 96сы гана жарактуу экен. Мындай чарбалардын статусу негизинен өкмөттүн токтому менен бекиши керек эле, бирок биздин министрликтин мурунку жетекчилигинин буйругу менен бекип, шартка жооп бербеген учурлар катталууда. Ал эми текшерүүчү комиссиянын курамын 11 кишиден турсун деп жазып, алардын сегизи мамлекеттик орган болсо, калган үчөөнү айыл өкмөт башчысы, айылдык кеңештин төрагасы жана жаштардан бирөө түзөт. Комиссия жер-жерлерге барганда ушул үч кишини жеринде эле ачык-айкындуулук үчүн кошуп жатабыз.
Ошондой эле үрөн чарбалар алган түшүмүнүн белгилүү бир бөлүгүн ошол аймакка сатышы керек, ал эми сатып алуучулар Айыл банк аркылуу 4,5 пайыз үстөк менен алса болот. Андан тышкары, ошол чарбага 30 пайыз өкмөттөн дотация берилип, дыйкандар үрөндү ошончо пайыз арзандатуу менен алышат.
Мурдагы айыл чарба министри, легендарлуу парламенттин депутаты, аталган тармактагы эксперт Карыпбек Асанов
— Карыпбек Асанович, ушул токтом боюнча эксперт катары сиздин оюңузду билсек?
Карыпбек Асанов: — Муну буга чейин бир нече жолу сунуштагам, бирок министрлик кабыл алган эмес. Бул жолу Айыл чарба министрлиги эң туура стратегиялык багыт алды. Айыл чарбаны көтөрө турган бир нече факторлор бар. Азыр асыл тукум чарбачылыгынын эч бири талапка жооп бербейт. Анын өз эрежеси болот. Мисалы, тоюттандыруу, асылдандыруу боюнча өз-өзүнчө зоотехниктер болушу керек. Экинчиден, бүгүн республикада 90дон ашык үрөн чарбасы бар экени айтылууда. Мүмкүн алардын айдоо жерлери, кампасы же эгин тазалаган машинасы бардыр. Бирок селекция жүргүзүү иштери жасалбайт. Бул абдан татаал иш. Союз убагында байма-бай селекция жүргүзүп, жаңы үрөн чыгарган мыкты селекционерлер болгон. Ошентип отуруп 1989-жылы Кыргызстанда 1 миллион 600 миң тонна дан алганбыз. Учурда 800 миң тонна алууга жарабай отурабыз. Ушунун баары үрөндүн сапатынан көз каранды. Азыр бир баш асыл тукум бодо мал саткан ферма жок. Ошондуктан бул токтомду колдойм. Буга чейин арык тазалоого да жетишерлик акча бөлүнчү эмес. Быйыл бир миллиард сом бөлүнүптүр. Бир кезде айыл чарбасы ички дүң продукциянын 42 пайызын берчү. Азыр 11-12 пайыздан ашпайт. Ушуга да шүгүр. Себеби мыкты үрөн, асыл тукум мал, айыл чарба техникасы, маданияты жок жана сугат суу жетишпейт. Натыйжада айыл чарбасы бизде 200 жыл мурунку дыйканчылыктын деңгээлине түшүп калды. Бул тармакты өнүктүрүүнү кааласак, айыл чарба азыктарын өндүрүп, кайра иштете турган ишканаларды курушубуз керек. Учурда бул багытта берилген насыялар эч нерсеге жетпей жатат. Алты айдан кийин эле "төлө" деп чыгат. Бул убакыт абдан аз. Бизде ири өндүрүштү уюштурууга каржы маселеси да чечилген эмес.
— Аталган токтом саясий кризиске алып келиши мүмкүн деген чочулоолор бар…
К.А.: — Ошондой туура эмес түшүнүктөр болуп жатат. Учурунда легендарлуу парламенттин депутаты, андан кийин айыл чарба министри болуп турганымда жер бөлүштүрүү башталган. Ошондо Аскар Акаев Леонид Левитин деген кеңешчисинин сунушу менен жалпы айыл чарба жерлеринин 75 пайызы жеке менчикке берилип, 25 пайызы мамлекеттин керектөөсүнө калтыруу чечимин чыгарган. Ошол мамлекеттин карамагында калган жерлер тура бербеш үчүн фермерлерге убактылуу ижарага берилген. Бара-бара ал жерлердин көбүн айылдагы аткаминерлер, депутаттар, айыл өкмөттөр жана башкалар ижарага алып, аны кайра ижарага берип, мыйзамсыз пайда таап келишкен. Бир эле айыл өкмөттүн башчысы 300-450 гектар жерди чыгарып алып, бөлүп-бөлүп кайра ижарага берген учурлар кездешет. Алар бир гектарынан 30 миңден 50 миң сомго чейин ижара акысын алат. Мына ошолор элдин атына жамынып ызы-чуу салып, 309-токтомго каршы чыгууда. Анткени алар туруктуу пайдасынан кол жууп жатат. Мындай алганда элдин мамлекеттик фондунун жерин талашууга юридикалык укугу жок. Анткени учурунда эл өз үлүшүн алган. Аталган 25 пайыз мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн туура жана мамлекеттин фондуна кайтарылган жерди максаттуу пайдалануу зарыл.
— Улам ижара мөөнөтү бүткөн жерлерди фондго алабыз дедиңер, ошондо жыл сайын алып турасыздарбы?
М.А.: — Бул токтом азык-түлүк коопсуздугуна негизделген. Тогуз негизги айыл чарба азыгы болсо, Кыргызстанда ошонун үчөө гана өндүрүлөт. Калганын импорттойт. Статкомдун 2021-жылдагы маалыматы боюнча, бир гектардан алынган эгиндин көлөмү 15 центнерден ашкан эмес. Анткени үрөндүн сапаты начар. Иликтеп чыкканыбызда жалпы үрөн чарбалар калкты болгону 13-15 пайыз гана каржылай алат экен. Ошол себептен өкмөттүн тапшырмасы менен биздин министрлик Россияга барып 16 миң тонна элиталык, супер элиталык үрөн алып келүүгө келишим түзгөн. Буга бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүндү. Ошону алган дыйкан чарбалар алгачкы түшүмүн элге сатышы керек. Муну дыйкандар дотация менен Айыл банкы аркылуу 4,5 пайыз насыя менен ала алат. Ошондой эле асыл тукум чарбачылыгы тууралуу айтсак, бүгүн өлкө боюнча 25-30 литр сүт бере турган асыл тукум уй жок. Ошондуктан асыл тукум чарбаларына алып келинген уйлардын торпокторун алгач ошол аймакка сатуу милдети жобого киргизилди. Муну аткарбагандарды келишимден четтетебиз.
К.А.: — Агроном катары айыл чарбасы ушундай деңгээлге түшүп калганына арданам. Коңшулардын кандай эмгектенип жатканын карагыла. Былтыр Өзбекстандан үрөн алып келип Ошко сепкенде бир гектардан 82 центнерден түшүм берди. Биз болсо 20ны да ала албай жатабыз. Анткени коңшуларда ушул кезге чейин илимий иштер жүргүзүлөт. Кытай гектарына 100 центнерден буудай алат, орточо түшүмү жалпы мамлекет боюнча 70-80 центнер. Биздин техникалык каражатыбыз да начар. Азыр айыл чарба техникасы да абдан өнүккөн. Ушул маселенин баарын министрлик өкмөткө кайра-кайра кирип жатып чечиши керек. Жок дегенде республика боюнча айыл чарба азыктары ИДПнын 40 пайызын түзүүгө жетсе болмок.
М.А.: — Лизинг боюнча мамлекет быйыл 261 миллион сом бөлдү. Январь айында 60ка жакын айыл чарба техникасы, анын ичинен алты даана жаадырып сугаруучу техника алып келинди.
— Эми 30 жылдан бери жердин асылдуулугу абдан төмөндөп кетти да. Быйыл эле жакшы түшүм алып жиберебиз дегенге болбойт го?
К.А.: — Күмөн. Себеби баары кымбаттап кетти. Үрөндү го Айыл чарба министрлиги чечип жатат. Жер семирткич маселеси кыйын. Мурда селитранын килограммын 14-15 сомго алчубуз. Бүгүнкү күндө 50 сомго чыкты. Ал эми фосфор, күкүрт, магний кошулгандарын айтпай эле коёлу. Ошол себептен арык жерлерден түшүм ала албай калабызбы деген коркунуч бар. Бул чоң көйгөй. Экинчи чоң маселе — кургакчылык. Азыр мөңгүлөрдүн үстүнө кар жаабай жатат. Быйыл суу тартыш болот. Ошол себептен агын суулардын башын тосуп, айыл чарбасынын кызыкчылыгы үчүн пайдаланып калуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаш керек. Суу болбосо, жердин баарын ижарага берип алып, алар эртең түшүм албай калышса, кайра эле министрлик сынга калат.