БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Россия менен АКШнын президенттери Владимир Путин жана Жозеф Байден Россия — Украина чек арасындагы чыңалууну талкуулады. Бул туурасында Ак үйдүн билдирүүсүндө айтылганын РИА Новости жазды.
"Президент Жозеф Байден бүгүн РФ президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, анда Украинанын чек арасындагы ырбап жаткан аскердик чыңалуу туурасында сүйлөшүү болду", — деген билдирүү таратты Ак үйдүн маалымат кызматы.
Мындан сырткары, Ак үйдүн маалыматында Байден Путинге АКШ Украинанын айланасындагы кырдаалдын ар кандай болуп өнүгүп кетишине даяр тургандыгын жана Россия менен дипломатияны көздөөрүн айтканы кабарланган.
"Президент Байден президент Путинге АКШ мурдагысындай эле биздин союздаштар, өнөктөштөр менен толук макулдашып, дипломатиялык алакага даяр экендигин жана башка сценарийлерге да даяр турганын айтты", — деп жазылган билдирүүдө.
Киев жана Батыштын башка өлкөлөрү Россия тараптан Украинанын чек арасында "агрессиялык кадамдардын" күчөп жаткандыгы боюнча байма-бай билдирип келет. Россия лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Россия аскерлерин өзүнүн аймагында жайгаштырып жаткандыгын, бул өлкөнүн ички иши экендигин билдирген. Анын айтымында, Россиянын мындай кадамы эч кимди кооптондурбашы керек.
Россия Батыш менен Украинанын агрессия боюнча айтылган күнөөлөрүн четке кагып, бул НАТОнун аскердик техникаларын орустардын чек арасына жакын жайгаштыруу үчүн жасалган шылтоо экенин да бир нече ирет айткан. Мурдараак өлкөнүн ТИМи "россиялык агерссия" тууралуу дүйнөгө жар салып, Киевди коргоого умтулуу бир жагынан күлкүлүү да, бир жагынан кооптуу да экендигин билдирген эле.