Буга чейин Манастын төрөлүшү, жентек тою, Ошпурга койчу болуп барганы жана тек жайын билиши тууралуу баяндалган.
Калмактын урушка даярданышы. Же бир коркуп койбой, же бир кылган ишине кейип койбой Ыймандын санагы боюнча сегиз миң беш жүз жылкыны жылкычыларга таштап, аларды "коркпогула" деп кайрат айтып Чоң жинди энеси Чыйырдыны ээрчитип конушуна кайтат. Баягы жер коруган калмактын жетиси жер жазданып, алтысы аман калган, аман калгандардын экөөнүн колу сыныптыр, бирөөнүн буту чыгыптыр, үчөөнүн башы айрылыптыр. Айылдарына баргандары айгай салып Чоң жиндинин дайынын айтат. "Жакып деген чалын сойгула, малын талап, элин малсыз койгула" деп ар тарапка ат жиберип жалпы калмакка кабар жеткирет. Манжулуктар канатташ жашаган алтайлык калмактарга да жардам сурап кайрылат. Кыргызды чаап алууга камылга көрө башташат. Саламаттын иниси Сарбан деген муну угуп калып Жакып байга айтып келет, манжулар менен калмактар биригип, эртең шашке түш менен сизди чаап алганы камдуу турат дейт. Эси чыккан Жакып "бекер өлүп калбайлык, беленденгин баарыңар" деп Акбалтага айттырат, Бердикеге кабар кылат. Менин түбүмө Бозтайлак минген Чыйырды жетмек болду деп тилин албай баласын издеп кеткен байбичесине кейип-кепчийт. Малымды алса мейли эле, кара жаным калсын, карыганда көргөн туягым балам калсын деп өксүйт. Казак, кыргыз бир тууган, калмак камап жатат деп кабарды Карабек казак бийине айт, наймандан Чоро баатырга айт, коңурат Байбак карыга айт, Саламат менен Ошпурга айт деп Жакып Сарбанга ат котортуп мингизет да, шаштырат. "Бай Жакып өлдү, малын калмак бөлдү, онго жетпей баласы ойрон болду, өлгөнүн өз көзүм көрдүм" деп айт дейт коркконунан. Кабарды угуп Жакып кадыры артык бай эле, кызматы кыйла өйдө эле деп казак, кыргыз, кара түрк, найман, коңурат урууларынан, беш атанын уулунан беш жүз жигит топтолду.
Чыйырды менен Чоң жиндиге кол салуу. Конушун көздөй келе жаткан эне-бала күн батар кезде калмактарга жолугат. Алар жетөө экен. Атан төө жетелеп, ошол төөсүнө баягы өлгөн Кортуктун сөөгүн артып кеткени келатышкан окшойт. Алардын бири Тарбын берки алтооно Чоң жиндини көрсөтүп "дал ушул бала жуткан" дейт сөөмөй кезеп кекээрдүү кекенип. Эр өлтүргөн баланы энесин кошо айдап кетип, малай кылалы деп бирөө төөдө калып, алтоо бирдей ат койду. Балага жакын барса, энеси "көз катканда көргөнүм", "каралдым жалгыз эрмегим" деп зарлап ыйлайт. Уулун карап байбиче "бизди кармап кеткени калмактар келди" десе, Чоң жинди кебелбей "калмак келсе эмне экен, булар алты киши турбайбы, алтымышы келсе да алдырбасмын" деп турат. Бири келип Чыйырдынын чылбырына кол сунат. Манас чылбырды тартып алат. Ошондо Чоң жинди экөөнү эки колу менен далыдан кармап көтөрүп, бири менен бирин уруштурганда баягы кол кезеген Тарбыны дем тарта албай жан берет. Бир өлүккө дагы бир өлүк кошулуп бешөө артын карабай сөөктөрдү артынып айылын көздөй зуу коёт. Катыла албай качып жөнөгөн калмактар бурут бала дагы бирди өлтүрүп салганын айтып айлына барат. Баласын ээрчитип үйүнө келген Чыйырды байы Жакыпка көргөн-билгенин бүт айтып берет. "Кызыталак калмактар, кызыккан экен мага" деп, "кыргыз дагы кыйла журт, кырылышып көрөйүн, кырк миң жылкым бар экен, кылым кыргыз журтунун, кызматына бөлөйүн" деген Жакып чыйралып, тобокел кылып баласын карайт, ал айбаттанып турат, байбичесин карайт, ал көзүн жайнатып турат.
Калмактын кун куушу. Калмактын Кортугу бир өлбөй, ага кошуп Тарбыны өлүп, намыстандырганы - бир балакатка жете элек баланын колунан жан таслим болот. Эки эрин бирдей жалмаган элге жети жүз калмак бир жетип, кан чыгарып, "түгөтүп түрктү салабыз, түк койбой талап алабыз", "каңгыраган кыргызга эр өлтүргөн кандай болорун көрсөтөбүз, аларга куугунду салабыз, аман болсок азапты салабыз, бай Жакыпты же баласын – бирөөсүн жутуп албасак табабыз канбай, кунубуз алынбайт" деп катуу кектенишет. Анан жебелерин асынып, милтелерин чоктошуп, жүздөн, элүүдөн топтошуп, калмактар таң сүрүлүп жарык болгондо Жакыптын журтун көздөй урушка аттанат.
Өз ара ырктын кетиши. Кун алмакка чогулган үч жүз манжулукка алтайлык калмактардан келген төрт жүзү дагы кошулуп кылкылдаган көп кол узун чөптү жапырып, кыска чөптү кырча тебелеп жол алат. Келе жатып калың кол Кайыңдуунун өзөнүндөгү жер жайнаган көп жылкыны көрөт. Калмактар "Бул Жакыптын жылкысы, бизге буюрган экен" деп эки миңден, миңден эңшерип тийип айдап кирет. Жылкычы Ыйманкул коркконунан жылгага качып жашынат. Манжулуктун айыл башчысы Атакул алтайлык калмактардын мал талаган ээнбаштыгына теригип, эби менен алалы, эки адамдын куну ушунча болмок беле, эртең эле Жакып бай малын доолоп келет, ошондо алтайлык калмактар силер кутулуп кетип, балээге биз калабыз деп калыс сөзүн айтса, олжого кызыккан алтайлык калмактардан Домабил дегени "айып – алгандыкы, кун – куугандыкы, баарын жеп кетебиз" деп болбойт. Эки жүз элүү түтүндүн башчысы Дөгөн Жакыптын укурук менен жүгөн тийбеген жапан жылкыларын качырып кирет. Арадан Домабили күүлөнүп, Дөгөнгө барып сүйлөнүп Жакыптын малын талагандан чатак чыгып, алтайлыктар менен манжулуктар эки жаат болуп кармашып калышат. Айбалта, чоюн баш, найзалар менен сүйлөшүп, касташкандар керме түздө урушуп, алтайлык калмактар көптүгүнө салып манжуларды кууп кирет. Кабар угуп, кун алабыз деп Алтайдан келген дагы эки жүз киши кошулуп, алтайлыктар Домабилди башчы кылып сегиз жүз кошун кол болуп, Жакыптын малын дагы талайт. Айылына коргологон манжулуктун катын-балдары колдоруна канжар, бычак алып, баканын сүйрөп, кара жанын калкалап, качары жок "кун куубай куруп калбадыкпы"деп айлалары алты кетет.
Кортуктун уулу Шакумдун Жакыпка келиши. Ошол кезде өлгөн Кортуктун уулу Шакум деген куу бала "өз кордугун көргөнчө жат кордугун көрөйүн, бакылга башым бийлетпей, акылдуу менен өлөйүн" деп жардам сурап Жакыптын айылын көздөй астындагы куу чабдар менен учкан куштай тез жөнөйт. Айлынан чогулган алтымыш адам менен Жакып Бадалдуунун оюнда жүргөн. Барат да, Шакум аттан ыргып түшүп бай Жакыпка баш уруп, "атам сиздерден өлдү эле, кыргыздан келген сиз элеңиз, кытайдан келген биз элек, биз – манжуларды алтайлык калмактар кырып жатат, кыйлабыз өлдү, сиздин жайыттагы малыңыздын бирин койбой айдады, эми биз сизге корголоп келип, короолош бололу, айылыңа келип, аралаш тууган бололу, атам өлдү эле деп, кунуна козу да албайын" деп жалдырайт. Кан жутуп, көздөрү каканактайт.
Жакыптын айылына топтоло башташты. Байрактары делбиреп алты жүз кол менен Камбардын уулу Айдаркан эң алдын келет. Кол катарына ортоктош жүргөн нойгуттар, Жакыптын жардамы тийген наймандар, коңшулаш жүргөн коңураттар, үйүрлөш жүргөн үйшүндөр, аралаш жүргөн алчындар кошулат, Каракожо баштаган аргындар келет. Жалпы колдун саны жети жүз сексенге жетет. "Оңдошуп атын минишип, жарашып жарак кийишип" Айдаркан жалындуу сүйлөп, калмак менен урушмак болду. "Ким деп ураан чакырабыз" деп турганда көк найза колго алып, астындагы сур кунанга камчы салып, башка сөзгө карабай Чоң жинди "Манастап" ураан салып, "Манас", "Манас", "Манас" деп башкалар да бирдей бакырып, ак асаба, кызыл туу, айгайлаган ызы-чуу, көк асаба, кызыл туу, көк жаңырган улуу чуу менен душманга карай жол алды...