Жекшембиге карата аба ырайы

16-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо, ашууларда көчкү түшүшү, күрткү пайда болушу ыктымал. Ал эми жолго чыккан автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. 13-февралда республиканын көпчүлүк аймагында кар жаап, айрым аймактарда катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл чөлкөмүндө +1...+6, Чүй, Талас, Нарын жергесинде 0...+5 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +2...+4 жана Ош шаарында +5...+7 градусту көрсөтөт.
Бул сөздөрдү алды-кийин уктуңуз беле? Тест
Чоң-Алайда эртең менен жер титиреди