КРдин 2011-жылы кабыл алган "Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө" мыйзамына ылайык, имараттардын энергиялык натыйжалуулугун текшерүү иштери энергетикалык ресурстарды майнаптуу жана сарамжалдуу пайдалануу, колдоо көрсөтүү жана стимулдаштыруунун максатында жүзөгө ашырылат. Бул тууралуу Максат Амираев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушул жаатта тажрыйбасы бар адистер энергоаудит жүргүзгөн эксперттик топко кошулуу үчүн аккредитация алууга катыша алат.
"2021-жылдын 31-декабрында 18 адиске имараттарды энергетикалык кароодон өткөрүүгө, анын ичинде бир адиске от казандарды аттестациялоого сертификаттар тапшырылды. Эми аккредитациядан өткөн адистер курулуп жаткан же курулган имараттарга энергоаудит жүргүзөт. Анын натыйжасына карап, имараттарга тийиштүү документ берилет. Анда энергияны сарамжалдуу пайдалануу боюнча толук мүнөздөмө жазылат. Эгерде жылуулук сарптоо, жалпы эле энергиялык сарамжалдуулук жаатында кемчиликтер болсо, эксперттер өз сунуштарын берет. Эксперттик топ көлөмү 150 чарчы метрден ашкан имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун текшерет", — деди Амираев.
Ал бардык имараттар минималдуу энергетикалык класска (В класс) жетүү жана имараттын энергетикалык сертификатын алуу боюнча стандарттарга жооп бериши пландаштырылып жатканын кошумчалады.