Пайгамбар жашындамын. Бердымухамедов жаштарга жол бошотуу жөнүндө чечимин айтты

Түркмөн башчысы мындан ары өзүнүн турмуштук жана саясий тажрыйбаларын жаштарды колдоого жумшай турганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өлкөнү өнүктүрүү үчүн мамлекеттик башкаруунун жаңы этабында жаш жетекчилерге жол бошотуу керектигин билдирди. Бул туурасында аталган өлкөнүн мамлекеттик ТДХ маалымат агенттиги жазды.
Ал эки жыл мурун пайгамбар жашына чыкканын белгилеп, буга байланыштуу өзү тууралуу "жөнөкөй эмес" чечим кабыл алганын айткан.
"Руханий чөйрөдө тарбияланган жана тиешелүү жогорку заманбап талаптарга жооп берген жаштарды мамлекеттик башкарууга келишине жол ачууну колдойм. Жаштар менен биздин келечекти эле эмес, учур чакты дагы байланыштырабыз. Бүгүнкү күндө биздин патриот жаштар заманбап илим, билимди кеңири өздөштүрүп бир тармакта өзүлөрүн көрсөтүүдө. Халк Маслахаты кызматында туруп турмуштук жана саясий тажрыйбаларымды ушул багытка жумшайм", — деп айткан Бердымухамедов.
Ошондой эле түркмөн башчысы мындан ары сүйүктүү мекени жана элинин жыргалчылыгы үчүн болгон күчүн аябай иштей турганын билдирген.
"Мына, 15 жылдан бери жогорку жана өтө жоопкерчиликтүү болгон президенттик кызматта иштеп жатам. Ошону менен бирге эле министрлер кабинетинин төрагасынын, Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин жетекчисинин, жогорку башкы кол башчынын, Халк Маслахаты төрагасынын милдетин аткарып жатам", — деди түркмөн башчысы.
Бул жыйынга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, президенттин уулу Сердар Бердымухамедов да катышкан. Ал Түркмөнстандын 2021-жылга карата экономиканы өнүктүрүүнүн жыйынтыгы жана 2022-жылда өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасы тууралуу маалымат берген.
Кайнатасынын жан сакчысы, элчи, банкир... Борбор Азия ажолорунун күйөө балдары
Түркмөн башчысы Бердымухамедовдун жубайы алгачкы жолу коомчулукка чыкты. Сүрөт