Жапаров улуттук коопсуздук, чек ара маселелери боюнча кеңешме өткөрдү

Жыйында мамлекеттин чек ара коопсуздугун бекемдөө маселелери да талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кеңешмеде өлкөнүн улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо, анын ичинде мамлекеттин чек ара коопсуздугун бекемдөө маселелери талкууланган.
Жапаров күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин аткарылып жаткан иштер боюнча баяндамаларын угуп, күжүрмөн жана кызматтык даярдыкты жогорулатуу, ошондой эле алардын ишин координациялоонун натыйжалуулугун чыңдоо боюнча тийиштүү тапшырмаларды берген.
Башкы прокурор УКМКнын тыңшоо жана камера коюу демилгесине каршы болду