Кийин Федоренконун рекордун башкалар 15 жылдай жаңылай алышкан эмес. Ал дүйнө биринчилигинде үч категория боюнча эч кимди алдыга салган жок. Ошол мелдештен бир нече жыл өткөндөн кийин Валерий АКШга кетип, спорттун бул түрүн АКШда жайылтмакчы болгон.
"Иштер оңунан чыкса гиря спорту АКШда жакшы таанылат деп ойлогом. Ал жакта аракеттер оңой болгон жок. Көп жерде иштеп, ошол эле маалда спортту алдыга жылдырып жүрдүм. Аны жакшылап презентациялоо керек эле. Бул спорт чыдамкайлыкты талап кылат, көп эмгектениш керек. 2000-жылдардын башында Брайтон-Бичте 16 килограммдык гиряны 2 001 жана 2 002 жолу көтөргөм. Мени карап тургандар таң калган", — деди спортчу.
АКШда Федоренко гиря менен машыгуучу клуб ачкан. "Арнольд Классик" чемпионатында Шварценеггер менен таанышып, ага гиря спорту жөнүндө кеңири айтып берген.
"Спорттун бүл түрүнө Батышта анча деле суроо-талап болгон эмес. Мурдагы СССРдин республикаларында бааланып, океандын ары жагында ал жөнүндө түшүнүк деле жок экен. "Арнольд Классик" чемпионатында биз гиря спортун Шварценеггерге презентациялоого аракет кылганбыз. Эң негизгиси, ал биздин аянтчага келеби же келбейби деген маселе болгон. Өзү каалаган жерге барат да. Биз отуруп алып анын келишин күткөнбүз. Бизге бир нече жолу басып келген. Аянтчабызда гирянын формасындагы чоң логотип илинген болчу. Шварценеггер бардыгын сурап, мен ага бүт айтып бергем. Ошондуктан азыр Шварценеггерден гиря деген эмне деп сурасаңар так жооп берет", — деди Федоренко.
Кийин Валерий өзү гиря чыгарып, алар Америка, Кытай жана башкала өлкөлөрдө сатылган. Чемпион акыркы жылдары чоң спорттон кетип, ден соолукка кам көрүп атайын машыгуу программаларын түзүп келет.
Тема боюнча: