Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Башкы прокуратурада сурак берип жатат

Министр көзөмөл органынын тергөө башкармалыгында сурак берүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгында сурак берип жатат. Бул тууралуу Sputnik агенттигине көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.
Казакбаев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровго карата козголгон иштин алкагында суракка алынууда. 2009-жылы Казакбаев тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген.
Белгилей кетсек, Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасында Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол тууралуу Башкы прокуратурага бир нече ирет сурак берип чыккан.
2009-жылы Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган кезде Кыргызстан Тажикстандан Төрт-Көчөнү 49 жылга ижарага алды делген протоколго кол койгону айтылууда. Азыркы бийлик бул документти тааныбай турганын билдирген.
Абийиринде болсун! Мадумаров башкы прокурордун сунушу тууралуу пикирин айтты