Пресс-борбор

Гуманитардык окуу жайлардын медициналык факультет ачуусуна эмне себеп болгон

Муканова гуманитардык окуу жайларды медицина факультеттерин ачууга аргасыз кылып жаткан факторлорду санады.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) киргизилгенден кийин окууга тапшыруудагы коррупцияга бөгөт коюлду. Бул тууралуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.
"Бул абдан жакшы фактор болгону менен окуу жайлар жашап кетүү үчүн кошумча каражат булагын издей баштады", — деди ал.
Муканова гуманитардык окуу жайларды медицина факультеттерин ачууга аргасыз кылып жаткан факторлорду санады: жалпы экономикалык абалдын начарлашы, контракт менен окугандардын азайышы, ЖРТнын кириши, пандемия.
Кыргызстанда жалпы жонунан 22 медициналык окуу жай бар. Антикоррупциялык ишкердик кеңештин жетекчисинин айтымында, бул окуу жайлардын көбү стандартка жооп бербейт.
Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө президенттин жарлыгы менен 2002-жылдан бери иштеп келет. Абитуриенттер үчүн тестти Билимди баалоо жана окуу методдору борбору Билим берүү министрлиги менен биргеликте өткөрөт.
Пресс-борбор
Медициналык окуу жайда окуган чет элдиктер канча төлөп, акча кайда жумшалат?