БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Алтынды эсепке албаганда Кыргызстандын экспорту алдын ала маалыматтар боюнча төрттөн бир бөлүккө өстү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги кабарлады.
Былтыркы жылдын эсеби менен тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 6,8 миллиард долларды түзүшү күтүлүүдө.
"Экспорттун көлөмү 1 миллиард 610 миллион доллар, ал эми алтынды эсепке албаганда 1 миллиард 250 миллион доллар болгон. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 26,7 пайызга көп", — деди министрлик.
Ал эми импорттун көлөмү 5 миллиард 190 миллион доллардын чегинде болот деп күтүлүп жатканы кошумчаланды.