Конституциялык соттун төрагасына жаңы орун басар дайындалды

Марат Жаманкуловдун Конституциялык сотко жетекчи болуп келгени маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Карыбек Дүйшеев Конституциялык соттун төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Документке ылайык, Дүйшеев Конституциялык соттун төрагасынын орун басары болуп беш жыл иштейт.
Ошондой эле Марат Жаманкуловдун Конституциялык сотко жетекчи болуп келгени маалым болду.
Президенттин жарлыгы менен Жогорку соттун төрагасына үч орун басар дайындалды. Алардын арасында буга чейин Жогорку сотту жетектеп келген Нургүл Бакирова дагы бар.
ИИМ башчысына бешинчи орун басар дайындалды. Кыла турган кызматы