Санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө Евразиялык фонд 40 млн. доллар бөлүүнү кароодо

Иманов Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук бөлүмүнүн аткаруучу директору Широков менен жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду жакында Кыргызстандагы санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө 40 миллион доллар бөлүү маселесин кароого даяр. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кеп болгон каражатты кароо маселеси санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) долбоордук бөлүмүнүн аткаруучу директору Андрей Широков менен жолукканда көтөрүлгөн.
Анда санариптик программаларды каржылоо туурасына кеңири талкуу болгону кабарланды.
"Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун долбоордук бөлүмү жакынкы аралыкта санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө 40 миллион доллар өлчөмүндө каржылоо маселесин кароого даяр экендигин Андрей Широков баса белгиледи", — деп айтылган маалыматта.
Иманов Широковго ыраазычылык билдирип, Санариптик өнүктүрүү министрлиги өнөктөштөр менен кызматташуу натыйжалуу жана узак мөөнөттүү болушу үчүн бардык күч-аракетин жумшай турганын белгилеген.
Маалымат үчүн: Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду 8,5 миллиард долларлык аймактык каржы механизми менен Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан тарабынан 2009-жылы түзүлгөн.
Фонддун миссиясы — мүчө-мамлекеттерге узак мөөнөттүү экономикалык, финансылык туруктуулукту камсыз кылууда жана алардын ортосундагы экономикалык интеграцияны өнүктүрүүдө жардам көрсөтүү. Аталган фондунун ишмердүүлүгүн уюштуруучу мамлекеттердин финансы министрликтери жетектейт.
Документ көйгөйүн чечүү үчүн мобилдик топ Чүй, Баткенди кыдырат. График