Хореограф Садыркулов: согуш жүрүп, эл ачка калса да искусство унутулган эмес

Балетти падышалардын искусствосу деп атайбыз. Ал эң көп эмгекти, машыгууну, сулуулукту, жаштыкты жана талантты талап кылат. Бир кезде Борбор Азияны гана эмес, дүйнөнү суктанткан кыргыз балетинин учурдагы абалы өтө кейиштүү.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти, хореограф, Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык мектебинин жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана маданият университетинин мугалими, доцент Досмат Садыркулов конокто болду.
— Досмат Насырович, кош келипсиз! Алгач кепти сиздин балетке келишиңизден баштасак.
— Өзүм Панфилов районунун Эркин-Сай айылынан болом. Балет эмне экенин көрмөк турсун, уккан да эмесмин. Бирок Советтер Союзу маалында педагогдор аймактарды кыдырып, таланттуу балдарды таап, Бишкектеги хореографиялык училищеге алып келип окутушчу. 3-классты жаңы бүтүп, талаада чөптө жүргөнбүз. Анан Калича деген эже "борбордон комиссия келип, таланттуу балдарды карап жатышат. Сен да барып көрчү" дегенинен менден 1,5 жаш улуу байкем экөөбүз бардык. Менин талантымды байкап, Фрунзедеги хореографиялык окуу жайга келсин деп каттап кетишти. Бирок буга ата-энем өтө деле кубанган жок. Атам мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы катары айылдын интеллигенти эле. Апам айылдагы ооруканада врач-акушер болуп иштечү. Атам мугалим болушумду кааласа, апам "врач болосуң" деп ар кимиси өз жагына тартып жүрүшкөн. Ал кишилер деле балетке барбаса, билбесе керек да. Анан эптеп кызыктырып, көндүрүп, иши кылып уруксат алып мени шаарга алып кетишти. 1980-жылы Бишкек хореографиялык окуу жайы жаңы ачылып, биз 1-класска кирдик. Ошол жыл аяктап калганда Санкт-Петербургдан союзду кыдырып жүргөн комиссия келип, 12 баланы тандап белгилүү Ваганова атындагы окуу жайга алып кеткен. 1981-жылдан 1989-жылга чейин Санкт-Петербургда окуп, анан Бишкекке келгенбиз. Ошондон бери Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында иштеп келе жатам. Быйыл 32 жыл болду.
— Азыр антип аймактардан таланттуу балдар тандалып алып келинбей калбадыбы, балет артисттеринин жетишсиздиги да айтылат...
— Учурда кеп балет артисттеринин жетишсиздигинде деле эмес, болгону бул тармакка тийиштүү көңүл бурулбайт. Ушул жагы адамды кейитет. Балет жылдыздарынын кимисин албайлы, ошол эле Чолпонбек Базарбаевди, Бүбүсара Бейшеналиеваны да комиссия аймактан таап келген. Азыр ата-энеси жетелеп келген балдардын арасынан эле тандап алынат. Айылдарга барып тандап, издемей такыр жок болуп калды.
— Азыр деле "балет эркек балдар үчүн эмес" деген адамдар бар. Балетке деле балдарды көп алып барбайбыз. Бул кесипти аркалагысы келген жаштар көп элеби?
— Бишкек хореогорафиялык окуу жайында сабак берем. Таланттуу жаштар көп. Азыр менде беш жигит окуп жатат. Үч-төрт жылдан кийин окууну бүтүшөт. Жок дегенде кыргыздын же эл аралык деңгээлдеги балет бийчиси болуп чыгарына ишенем. Ккөздөрү күйүп, бул искусствону өздөрү тандап, каалап келишкен. Ал эми "балет искусствосу эркек балдарга ылайык эмес" деген караңгылык. Биз жашап жаткан өнүккөн заманда андай сөз болбошу керек. Интеллигенциянын, жогорку жактагылардын арасынан "кыргыздарга балет, симфониялык музыка өзү керекпи?" дегендерди угуп таң калгам. Бул таптакыр эле түшүнүгү жоктук, билимсиздик да. Мындай пикир бизди Афганистан болуудан башка жакшылыкка алып келбейт. Мындай сөздөр айтылбашы да керек. Отуз жылдан бери искусство каралбай калды. Тескерисинче, билим берүүгө, маданиятка өзгөчө көңүл бурулушу абзел.
Досмат Садыркулов: СССР искусство үчүн эң жакшы система болчу. "Азыр акча жагынан кыйын болуп жатат, күтө тургула" дешет. Мурда согуш убагында акча жок, кыйынчылык болуп турганда да маданият унутулган эмес.
— Сиз айткан 1980-жылдар кыргыз маданиятынын, искусствосунун ар тараптан гүлдөп турган учуру болгон. Залкар инсандар менен иштешип, жанынан да көрүп калдыңыз. Ал кез менен азыркы искусство тармагынын күнгөй-тескейинен кеп салсаңыз...
— Советтер Союзу искусство үчүн эң жакшы система болчу. "Азыр акча жагынан кыйын болуп жатат, күтө тургула" дешет. Мурда согуш убагында акча жок, кыйынчылык болуп турганда да маданият унутулган эмес. Эң ириде элге, мамлекетке искусство керек экенин түшүнүп, театрыбызды ошол жылдары куруп башташкан. Өздөрү кезерип ачка, кыйналып жүргөн эл да келип көмөктөшүп, ашар жолу менен курулушка жардам бергенин уккам. Ошондуктан азыр кыйынчылыкка, акчага шылтап театрды таштап койгон жарабайт. Искусство — бул калктын, өлкөнүн көзү. Улуттун келечегин коомдогу билим менен маданияттын деңгээли көрсөтөт.
Уран Сарбагышев, Чолпонбек Базарбаев, Айсулуу Токомбаева өңдүү таланттар менен иштешип, көзүн көрүп калдым. Негизи балет — падышалардын искусствосу, ал XII-XIII кылымда пайда болгон. Андан көп өтпөй Германиянын, Италиянын, Россиянын, өзгөчө Франциянын падышалыгы хореографияны жактырып, аябай өнүктүргөн. Ошону менен дүйнөгө тараган. Орус падышачылыгы хореографтарды Франциядан алдырткан. Буга ушундай мамиле жарашат. Биздин өлкөдө да бул тармак мыкты өсмөк, ал үчүн таланттуу, искусствого күйгөн жаштарыбыз бар. Бирок алар азыр колдоого муктаж болуп турат.
— Убагында "Чолпон" балети жарык көрүп, труппа гастролдоп дүйнө кыдырды. Кыргыздардын арасынан таланттуу балет артисттери чыккан. Советтик хореографиялык мектеп бир болгону менен бул жаатта биздин жылдызыбыз өзгөчө жангандай...
— Чынында ал кез феномен болду да. Мыкты таланттар да бир мезгилде иштеп, мамлекет да жакшы көңүл бурду. 1970-80-жылдарды кыргыз балетинин алтын кылымы деп атайбыз. Ал убакта Советтер Союзу боюнча 19дан ашык опера жана балет театры бар болчу. Ошолордун арасынан биздики эң мыкты, Орто Азиядагы эң күчтүү театр деп эсептелген. Өзбек, казак артисттери бизге суктанып, баа берип, атайын келип спектакль көрүп кетишчү. Тилекке каршы, азыр биз аларга суктанып калдык. Казакстан абдан жакшы өнүгүп, ушу тапта беш балет театры бар. Астанада акыркы моделдеги, бардык шарты менен эң сонун театр салынып жатат. Өзбекстан менен Тажикстан да балетке көңүл буруп, өнүгүү байкалууда. Бизде болсо кырдаал башка. Кичине көңүл бурулса эле бутубуздан туруп, алдыга кадам таштай баштайт элек.
Пианист, профессор, ишкер... Кыргызстанда төрөлүп, чет жерде атагы чыккандар
— Чыгармачылыгыңыз тууралуу сөз кылсак, 1989-жылы окууну бүтүп келген жылдар аралыгында эле сизге 20дай башкы роль берилген экен. Жалаң башкы ролдорду аткарып, бийлеген экенсиз. Уникалдуулугуңуз эмнеде болду?
— 1989-жылы окууну бүтүп келгенден бир ай өтпөй Ваганова академиясынын бүтүрүүчүлөрүнүн концерти уюшулду. Биринчи жолу сахнага чыкканыбыз ушул болду. Жалпы хореографиянын, маданияттын адамдары келип, бизге жогору баа беришти. Анан бир-эки айдан кийин "Шопениана" балетинин "Юноша" партиясын аткардым. Көп өтпөй жазында "Ак куу көлү" балетиндеги башкы партия, принц Зигфридди ойнодум. Бул роль көп балет артисттеринин кыялы. Буйрук экен, муну да кокусунан ойноп калдым. Орто Азия боюнча эркектерден жалгыз СССРдин эл артисти болгон Чолпонбек Базарбаев ал кезде пенсияга чыгып бийлебей калган. Ошентип жылдызыбыз Айсулуу Токомбаева партнеру жок калыптыр. Мен анда жаңы келгем. Анан ал кишиге партнер катары дайындалып, экөөбүз атактуу балетте партия аткардык. Эсте калган прьемерам ушул болду. Андан кийин эки ай сайын тынбай жаңы роль менен чыгып жаттым. Отуздан ашык жеке партияда ойнодум. Бул жагынан бактылуумун. Бирок 1991-жылы СССР тарап, театрларга такыр эле көңүл бурулбай калды. Биз костюмдарды жаңылоо, балет коюу жагын кой, айлык албай калдык. Мурда койгон балеттерди гана берип турдук. Артисттер өтө кыйын акыбалда жашап, ал эмес театр да жабылып калуу коркунучунда турду. Көп артисттер кыйынчылыкка чыдабай, айла жок үй-бүлөсүн багуу үчүн туш-тушка тарай баштады.
Анан шарттын, акчанын жогуна, театрдын суугуна, айтор, бардык кыйынчылыкка карабай Кыргызстанда балетти сактап калган менин муунум болду деп ойлойм.
— Бул убак жеке эле балетте эмес, бардык тармакта оор учур болуп, өлкөбүз кесипкөй адистерин, спортчуларун жоготуп алды. Көбү сыртка чыгып кетти. Айсулуу Токомбаева да Түркияда сабак берип жатат. Мунун өзү балет педагогикасына кандай таасир этти?
— Айсулуу Токомбаева бул жакта жумуш берилбей калганда айла жок кетти. Ошол Түркияга гастролго барганда сүйлөшүп, жумуш издеп жатканына өзүм күбө болгом. Токомбаевадай профессионалды өлкөбүздө калтырып баалап алсак, канчалаган жаштарды өстүрөт элек. Билимин, тажрыйбасын пайдаланып, жемишин көрөт элек. Бул жагы өкүнүчтүү. Азыркы учурда педагогдордун саны жетиштүү деп айтуу кыйын. Абалыбыз оңой эмес. Жалгыз гана өз кесибинин патриоттору жана профессионалдары калды. Алар мамлекеттен эч кандай жардам болбосо да тоскоолдуктарга карабай, "жаш муундарга керек, өлкөдө хореография искусствосу жоголбосун" деп талыкпай эмгектенип келе жатат.
Досмат Садыркулов: акчанын жогуна, театрдын суугуна, айтор, бардык кыйынчылыкка карабай Кыргызстанда балетти сактап калган менин муунум болду
— Уулдарыңыз, келиндериңиз да балет артисттери. Алар да бул тармакка эмгегин, өмүрүн арнайбыз деп турушат. Үй-бүлөлүк балет династиясын түзүп жаткандайсыз. Балет искусствосунун азыркы абалын, көшөгөнүн артындагы ысык-суугун билип туруп бул кесипти аркалоого балдарыңызга кантип уруксат бердиңиз?
— Ооба, үй-бүлөбүз менен искусствонун адамдары болуп калдык. Үйдө мен, жубайым, эки уулум, келиндерим балет артисттери. Эми эң кичүү кызым да хореографиялык мектепке барып жатат. Бирок чынын айтканда балдарымды артист кылуу оюмда жок болчу. Театрдын ысык-суугун көргөндүктөн каалаган эмесмин. Кичине кезинде балдарды бала бакчага берүүгө дайыма эле шарт болбогондуктан мойнума көтөрүп, жумушка кошо алып келип жүрдүм. Кийин каршы болгонумда балдарым "бизди балет мектебине бербесең, анда мектепти таштайбыз" деген талап коюшту. Ошол себептен айласыз макул болдум.
— Азыр бул чечимиңизге кубансаңыз керек. Анткени уулдарыңыз кыргыз балетинин жылдызына айланышпадыбы...
— Бир чети кесибиңди балдарың улантып жатканына кубанасың, экинчиден, сен көргөн кыйынчылыктарды көрбөсө экен деп кыжалат болосуң.
Азыр алар чоңоюп, профессионал артист болуп калышты. Эми ойлосом, уулдарымды балетке берип туура эле чечим кабыл алыптырбыз. Туугандарым да убагында "койчу, баарын эле балетке бере бересиңби. Оор жумуш, эмне кыласың" дешти. Азыр алар да "туура эле кылыптырсың, экөө тең балет жылдызы болуп чыкты" деп калышат. 2020-жылы кичүү балам КМШ өлкөлөрүнүн арасында Москвада өтүүчү "Содружество дебютов" премиясынын ээси болду. Ошондой эле Dance Moscow хореографиялык конкурсунун биринчи премиясын алган. Уулум Атабек деле Кыргызстанда балет көрөрмандарынын сүймөнчүгүнө айланды. Түркияга атайын чакыруу менен кеткенде "Атабек кайра келсе болот эле, мобу партияда жетишпей жатат" деп жатышты.
Кызым да азыр балет мектебинде 4-класста окуйт. Балетти абдан жакшы көрөт. Эки жыл мурда үй-бүлөбүз менен Санкт-Петербургга барып, Ваганова атындагы балет академиясын, Мариинский, Михайловский театрларын кыдырып келдик. Кызымды да атайын ала баргам. Ага чейин балетке жөн эле барып-келип жүрчү. Россиядан келгенден кийин кесибине такыр башкача мамиле кылып калды. Балетти сүйөт. Балет — бул жөн гана сахнада бийлеп коюу эмес, ал абдан көп күчтү, талыкпаган эмгекти, энергияны талап кылган искусство.
Аниматор Жумалиев: бизде мультфильм тартылып калышына Айтматовдун таасири чоң
— Машыгуу түйшүгү тууралуу айтсаңыз?
— Көрүүчүлөр театрга келип, сахнадагы балеттен рахат алып эс алып кетсе абдан кубанычта болобуз. Машыгуу учурунда буттун жооруганы, канчалаган жарааттар, кыйналуулардын баары көшөгөнүн артында болушу шарт. Совет убагында космонавттардын жана балет артисттеринин кесиби эң оор деп эсептелчү. Мурунку жылдары америкалык бир университеттин изилдөөчүлөрү балетти эң татаал кесип деген жыйынтык чыгарышкан. Балет артистин даярдоо оор. Училищенин программасы боюнча эле сегиз жыл окуйт. Алгач 9-10 жашында келип сегиз жылдан кийин адистик алат. Бирок муну менен иш бүтүп калбайт. Театрда ар партияны акырындан ойнотуп, төрт-беш жыл дагы өсүшү керек. Чыныгы профессионал катары жана эл аралык деңгээлге тынбаган эмгек менен өсүп жетилет. Бийлеп жатканда артисттердин жеңил секирип, ак куудай чимирилгенин көрүп жатасыздар, бирок буттарын чечкенде бутунун жооруганын, канталаганын эч ким көрбөйт. Андыктан биздин кыздар-балдарга таазим кылуу керек.
— Спектаклдер элдин дүйнө таанымын, жан дүйнөсүн кеңейтет эмеспи. Бул жагы солгун тартып калды. Азыр кандай багытта жана тематикадагы спектаклдер коюлуп жатат?
— Канча жылдан бери жаңы спектакль коюла элек. Акыркы жолу качан жаңырганын да унутуп баратабыз. Театрдын деле пландары бар болчу, министрликтен мындан ары бир жылда бир спектаклге каражат бөлүнүп турары айтылган. Бирок бул деле ишке аша элек. Жаңы спектаклдин премьерасын коюу каржылык жактан оор. Театр муну өзү көтөрө албайт. Алгач өкмөт тарабынан колдоо болсо, андан кийин бара-бара театр деле өзү каражат чогултуп, кийинки премьерага аракет кылат эле. Балет — бул кымбат искусство.
— Искусство бир жерде турбайт да. Ал өнүгөт же деградация болот дешет. Азыр эч кандай колдоо жок, кыргыз балети деградацияга учураган жокпу?
— Хореография — күндө машыгууну жана өсүүнү талап кылат. Бул эң кыйын. Баары репертуардан көз каранды. Ага карата артисттер өсөт же токтоп калат. Азыр куржундагы репертуарларыбызды карап, "баары жакшы" деп айта албайбыз. Интернеттин заманында, коңшуларда хореографиялык искусство өнүгүп жатканын көрүп жатабыз. Суктанып эле отуруп калдык. Артисттер канчалык аракет кылсак да опера, симфониялык оркестр, балет искусствосу мамлекеттин көмөгүсүз алдыга жылбайт.
Заслуженный артист КР, балетмейстер, доцент Досмат Садыркулов
— Бир спектаклди толук иштеп чыгууга канча каражат кетет?
— Эки актылуу балетке жакшы декорация жасап, мыкты балетмейстер чакырып, костюмдарын тиктирсек 15-20 миң доллар сарпталат.
— Көрүүчүлөр тууралуу көз карашыңызды сурагым келип турат. Элдин искусствого, балетке мамилеси кандай?
— Беш-алты жыл мурункуга караганда көрүчүүлөр көбөйүп келе жатат. Операга азыраак кирет. Бирок балет спектаклдерине залдын 70-80 пайызы толот, айрым учурда аншлаг да болуп калат. Анткени таланттуу жаштар көп келди. Он жети эл аралык коңкурстун жеңүүчүсү Фарух Садыркулов, КР эмгек сиңирген артисти, эл аралык сынактардын лауреаты Марат Сыдыков өңдүү таланттуу улан-кыздарыбыз бар. Искусствонун ар бир тармагынын аты чыккан таланттуу, белгилүү жылдыздары болот. Аларсыз балет искусствосу жок. Театрдагы абалды, чууну коомчулук жакшы билет. Бирок мен ал жөнүндө маанайды чөгөрүп айткым келбейт, болгону искусство жаркырап өнүгүү жолуна түшпөсө жоголот.
— Өнөр адамдарынын деңгээлин көтөрүү үчүн эл аралык конкурстардын мааниси чоң эмеспи. Биздин артисттер кандай сынактарга катышууда? Деги эле кыргыз балетине дүйнөлүк искусство адамдарынын көз карашы кандай?
— Эл аралык конкурстарга мамлекет кызыкдар болуп, артисттерди көргөзүп, колдоп, каражат бөлүп сыртка чыгарып, таанытуусу зарыл да. Керек болсо театрды чыгарып туруу керек. Бизде андай болбой жатпайбы. Азыр эл аралык фестивалдар Марат Сыдыков менен Фарух Садыркуловду эле чакырышат. Экөө эл аралык конкурстун лауреаты болду, мамлекет бир да тыйын бөлүп, колдоп койгон жок. Муну мен ата-эне катары айтып жатам. Анткени маселени түбүнөн билем. Өзүбүз эшик каккылап акча издейбиз. Көбүнчө жол киресин таап бергенибиз менен тамак-ашына, мейманканасына акча тартыш болуп калчу. Эки жыл мурун Сеулда өткөн эл аралык сынакка биздин балдар да катышкан. Конкурста 1-турдан өткөндөр 2-турга катышып, андан өтсө үчүнчү турга өтүп лауреат болушат. Биздин балдар эки турдан өтүп, кийинки күнү 3-турга катышарда Сеулдун мейманканасынан келип "балдар, чыккыла, силер бүгүнкүгө акча төлөгөн жоксуңар" дептир. Анан айла жок, Кореядагы кыргыз диаспорасына кайрылып, алар келип мейманканасын төлөп, тамак-ашка бир аз тыйын беришкен. Акыры экөө тең лауреат болуп, орун алып келишти. Карагылачы, эл аралык конкурска Кыргызстандын атынан катышып жатып да ушундай акыбалга кабылышат.
— Опера жана балет театры 1928-жылы салынган эмес беле. Азыр оңдоо иштери жүргөнүн да билебиз. Искусствонун ордосу болгон жайдын абалы кандай?
— Театрдын абалы жакшы эле, жылуулук берилип турат. Үч-төрт жыл мурун оңдолуп-түздөлгөн. Жуунуучу жайы бар. Ал эми чыгармачылык жагынан аксап турат. Астана балет театрынын уюшулганына он жыл боло элек. Ушул аралыкта эле дүйнөнүн эң алдыңкы театрларынын катарына кирди. Ал азыр Милан театрынын катарында. Казакстандын президенти, өкмөтү театрга келип жаңы премьераларды көрүп турат. Аны көрүп эл да агылат. Азыр кээде чет өлкөлүк кесиптештер менен отуруп калабыз. Казак балдардын баары мамлекеттик сыйлык, наам, батир алышкан. Президенттик стипендия менен камсыз. Биздикилерде эч нерсе жок.
Иса Ахунбаевдин кызы Нелли Ахунбаева: апама "бир күндө өлөбүз" дечү, айтканы келди