Коррупцияга аралашкан. УКМК "Айыл Банктын" мурдагы кызматкерлерин кармады

Банктын кызматкерлери жеке ишканага күрөөнү жасалма түрдө көбөйтүү менен насыя берип, мамлекетти зыянга учураткан деп айыпталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. "Айыл Банк" ААКнын жооптуу кызматтарында иштеп кеткен төрт киши кармалганын УКМК кабарлады.
Ага ылайык, 2017-жылы "Айыл Банк" ААК "Россиф" ЖЧКсына күрөөнү жасалма көбөйтүп 3,5 миллион доллар (295,7 млн. сом) өлчөмүндө насыя берип, мамлекетти зыянга учураткан.
"Россиф" ишканасы банкка күрөөгө койгон 348,5 миллион сомдук мүлк Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын баасы боюнча болгону 271,8 миллион сомду түзүп, ортодогу айырма 76,6 миллион сом болгону аныкталган.

"Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын натыйжасында 8-февралда УКМК тарабынан насыяларды берүүдө коммерциялык субъектилердин кызыкчылыктарын көздөө боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзгөн "Айыл Банк" ААКнын мурдагы жооптуу кызматкерлери кармалган", — деп жазылган маалыматта.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөө амалдары жүргүзүлүп, процессуалдык чечимдер кабыл алынмакчы. Ошондой эле бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери улантылууда.
Көлдө кымбат 83 объектини менчиктеп алышкан. УКМК коррупциялык схеманы тапты