Ош шаарынын бюджети бекитилди. Сумма жылдагыдан көбүрөөк

2022-жылы калаадагы тротуарларды реконструкциялоого, социалдык объектилерди жана жолдорду курууга өзгөчө көңүл бурулат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Ош шаарынын 2022-жылга бюджети 1 миллиард 600 миллион 510 миң сом деп бекитилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 10-февралда, Ош шаардык кеңешинин V чакырылышынын сессиясы өтүп, калаанын 2022-жылга карата бюджети (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 1 миллиард 600 миллион 510 миң сом деп бекитилген. Бул 2021-жылдын бюджетине салыштырмалуу 242 миллион 810 миң сомго көп.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 2022-жылы калаадагы тротуарларды реконструкциялоого, социалдык объектилерди жана жолдорду курууга өзгөчө көңүл буруу керектигин тапшырган.
Шаардык кеңештин жыйынында маданиятка эмгек сиңирген ишмер, маркум Рахман Разыковдун ысымын Ош шаарындагы "Кыргызстан" кинотеатрына ыйгаруу маселеси да каралып, депутаттар демилгени колдошкон.
Бишкектин транспортун электрлештирүүгө чет өлкөдөн 50,6 млн. доллар алынат