"Майлы-Суу" лампа заводунун иши жанданат

Азыркы учурда электр лампочкаларынын сапаты жогору 40ка жакын түрү чыгарылып, 350 кызматкер эмгектенет. Завод 2021-жылы 62 млн. 500 миң даана лампа даярдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Жалал-Абаддагы "Майлы-Суу" лампа заводунун иши жанданат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
1 / 6

Жалал-Абаддагы "Майлы-Суу" лампа заводунун иши жанданат

2 / 6

Аталган жайга облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев барып, ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен жеринен таанышып чыкты

3 / 6

"Майлы-Суу" лампа заводунун курулушу 1964-жылы башталган

4 / 6

Ал эми 1967-жылы алгачкы өндүрүмүн чыгара баштаса, 1974-жылы 1 млрд. электр лампаларын өндүрүүгө жетишкен

5 / 6

Азыркы учурда электр лампочкаларынын 40ка жакын сапаты жогору түрү чыгарылып, 350 кызматкер эмгектенет. Завод 2021-жылы 62 млн. 500 миң даана лампа даярдаган

6 / 6

Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында 26 миңдей калк жашайт.

Аталган жайга облус жетекчиси Абсаттар Сыргабаев барып, ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен жеринен таанышып чыкты.

“Азыркы учурда "Майлы-Суу" лампа заводунун жалпы мүмкүнчүлүктөрү менен 30 пайыздык жумуш аткарылып жатат. Негизги көйгөй өндүрүлгөн лампаларды сатуудагы кыйынчылыктар болуп жатат. Ага байланыштуу жумушчулардын жана өндүрүштүн ыргагы басаңдаган”, — деп айтылат билдирүүдө.

"Майлы-Суу" лампа заводунун курулушу 1964-жылы башталган. Ал эми 1967-жылы алгачкы өндүрүмүн чыгара баштаса, 1974-жылы 1 млрд. электр лампаларын өндүрүүгө жетишкен.
Азыркы учурда электр лампочкаларынын сапаты жогору 40ка жакын түрү чыгарылып, 350 кызматкер эмгектенет. Завод 2021-жылы 62 млн. 500 миң даана лампа даярдаган.
Жалал-Абад облусунун Майлы-Суу шаарында 26 миңдей калк жашайт.
Нарын: лизинг менен асыл тукум уйлар көбөйтүлүп, сүт кластери түзүлмөкчү