БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Лондондогу аукциондо сейрек кездешкен кара бриллиант сатылды. Салмагы 555,55 карат. Бул тууралуу аукцион үйүнүн сайтына жарыяланды.
Баалуу таш 3,16 миллион фунт стерлингге (4,29 миллион доллар) сатылган. Иш-чараны лондондук белгилүү Sotheby's аукцион үйү уюштурган айтылды.
"Бул 555,55 караттуу кара бриллиант бүгүн сатылды. Сатып алуучу криптовалюта менен эсептешти", — деп Sotheby's Twitter баракчасына жазды.
Бул аукциондун тарыхындагы эң чоң алмаз. Ал 2006-жылы Гиннесстин рекорддор китебине киргизилген. Маалыматка караганда, бриллиант жыйырма жылдан ашык убакыт бою колдо болуп, бир дагы ирет аукционго коюлган эмес.
Баалуу таш сатылгандан кийин криптовалюта менен иштеген Ричард Херд социалдык тармакка бриллиантты сатып алганын жазган.