Лимон кошулган суунун кандай пайдасы бар? Нутрициологдун жообу

Адистин пикиринде, сууга чыланган лимон вирустук оорулар менен күрөшүүгө, коллагендин жетиштүү көлөмдө иштелип чыгышына, цинк, темир сыяктуу минералдардын нормада сакталышына жардам берет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Соңку жылдары сууга лимон салып ичип жүргөндөрдү көп кезиктире баштадык. Анын кандай пайдасы бар экенин РИА Новости агенттигине нутрициолог Наталья Кунская айтып берди.
Адистин пикиринде, сууга чыланган лимон вирустук оорулар менен күрөшүүгө, коллагендин жетиштүү көлөмдө иштелип чыгышына, цинк, темир сыяктуу минералдардын нормада сакталышына жардам берет.
"Лимон кошулган суу ашказандын былжырлуу челин жакшыртып, тамакты оңой сиңирет. Бирок аны эртең менен ач карын ичпеш керек. Ал эми күндүз же кечки тамакка жарым саат калганда бир стакан ичип койсо, пайдасы көбүрөөк болот", — деди адис.
Нутрициолог муну адат кылгысы келген адамдар алгач жөн гана суудан башташы керектигин эскертти. Мисалы, бир нече күн эки стакан суу ичип, бара-бара лимон кошуп, көлөмүн дагы бир аз көбөйтүп койсо болот.
Кандай учурда сууну ачкарын ичкен жакшы. Адистин кеңеши