Каракол — КМШнын маданий борбору. Шаардын бир кылымды камтыган сүрөттөрү

Быйыл Каракол шаары КМШ өлкөлөрүнүн маданий борбору болуп жарыяланды. Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган шаардын архивдик сүрөттөрүн сунуштайт.
Sputnik
Каракол шаары мындан 153 жыл мурун, 1869-жылы, аскердик-административдик борбор катары түптөлүп, узак убакытта шаардын аты бир нече жолу өзгөртүлгөн. Союз маалында саякатчы Николай Пржевальскийдин атын алып, эгемендүүлүк алганда Каракол аты берилген.
Эске сала кетсек, "Шериктештиктин маданий борбору" эл аралык программасы КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда 2011-жылдан бери ишке ашып келе жатат. Аны алуу үчүн мүчө-мамлекеттер жыл сайын талапкер катары өз шаарларын сунуштап, өлкө башчылар жыйынында чечим кабыл алынат. Былтыр бул макамды Тажикстандын Душанбе шаары алган.
Негизги максат — шериктеш мамлекеттердин ар бир шаарынын тегиз өнүгүшүнө шарт түзүү. Бул мүмкүнчүлүк менен маданий борбор болгон шаар өзүнүн бай тарыхын жана өзгөчө маданиятын толук ачып берүүгө жана коомдун көңүлүн алардын эбегейсиз бай мурастарына бурууга жардам берет.
1 / 15

Кыргызстандагы эң белгилүү мечиттердин бири. Ал 1910-жылы курулган, сүрөт 1969-жылы тартылган

2 / 15

Александр Пушкин атындагы эс алуу паркы

3 / 15

Союз маалындагы шаардагы азык-түлүк дүкөнү

4 / 15

Мурдагы Пржевальск шаарынын көчөлөрүнүн бири

5 / 15

Шаар тургундары сүйүп барган "Ысык-Көл" кинотеатры

6 / 15

Өткөн кылымдын 40-жылдарындагы архитектуралык курулушу

7 / 15

Шаардын ортосунда 1960-жылдары ачылган тиричилик үйү. Азыр ал соода борбордун кызматын аткарып келет.

8 / 15

Пржевальск шаарындагы жай турмуш

9 / 15

Шаардагы тарыхый архитектуралык объектилер азыркыга чейин сакталып калган

10 / 15

Ысык-Көл облустук аткаруу комитетинин имараты

11 / 15

Пржевальск драма театры 1983-жылы ачылган. Азыр ал Касымалы Жантөшевдин ысымын алып жүрөт.

12 / 15

Азыркы Ысык-Көл облустук администрациясы же мурдагы коммунисттик партиянын облустук комитетинин имараты

13 / 15

55 жыл мурун ачылган Пржевальскийдин мемориалдык музей-комплекси

14 / 15

Пржевальск шаары 1869-жылы аскердик-административдик борбор болуп түптөлгөн

15 / 15

Шаардагы автоунаа оңдогон жай