COVID-19га байланыштуу Кыргызстанга кирүү тартиби өзгөрөт

11-февралдан тарта Кыргызстанга кирүү тартибин жеңилдетүү пландалган. Мындан улам алгоритмге өзгөртүүлөр киргизилет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Министрлер кабинета COVID-19га байланыштуу Кыргызстанга кирүү эрежесин өзгөртүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, вирус жугузуп алгандар менен байланышта болгондор обочолонбой койсо болот. Ошондой эле коронавируска каршы эмделгендиги тууралуу сертификаты барлар ПЦР-тест тапшырбай кое алат. Бирок вакцина абагандар ПЦР-тесттин жыйынтыгын көрсөтүүсү зарыл. Азыр эмдөө алганына карабай, Кыргызстанга кирип келе жаткан ар бир киши вирус жуктурбагандыгы тууралуу маалым кат көрсөтүүгө милдеттүү.
Саламаттык сактоо министрлигине мындай өзгөрүүнү алгоритмге 11-февралдан тарта киргизүү тапшырылган. Ошондой эле эмдөөнү тездетүү милдети коюлду.
Акысыз анализ, арзан дары. Медициналык камсыздандыруу полисинин артыкчылыгы