УКМК соцтармакта бийликти күч менен басып алууга үндөгөн кишини кармады

Интернетте чагымчыл материалдарды таратты деген адам УКМКнын абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Социалдык тармактарда бийликти күч менен басып алууга чакырык таштаган У.М. аттуу адам кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Интернетте чагымчыл материалдарды таратты деген кишиге карата Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") менен кылмыш иши козголгон.
Учурда ал УКМКнын абагына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Атайын кызмат жарандарды социалдык тармактарда тараган жана өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чагымчылыкка жана чакырыктарга алдырбоого чакырат.
УКМК соттун чечимисиз тыңшап, жашыруун камера коюу мыйзам долбоорун сунуштады