Пресс-борбор

Эриш-аркак жылындагы иш-чаралардын тагдыры эмне болот? Элчинин жообу

Россиянын Кыргызстандагы элчиси эриш-аркак жылында болбой калган иш-чаралар быйыл ишке ашат деп үмүт кылып жатканын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына белгиленген иш-чаралардын тагдыры тууралуу РФтин КРдеги элчиси Николай Удовиченко айтып берди.
РФтин КРдеги элчиси Николай Удовиченко
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинде өткөн маалымат жыйынына катышты. Брифинг Россиянын дипломатиялык кызматкерлеринин күнүнө арналган.
"Эки тарап тең бир топ маданий иш-чараларды өткөрүүгө аракет кылды. Бирок коронавирус кетпей, эл массалык түрдө чогула турган салтанаттар ишке ашпай калды. Февраль, март айларында эриш-аркак жылды жабуу боюнча ири салтанат өткөрөлү деген пландар бар эле, күтүп жатабыз. Азыр болбосо дагы жыл ичинде ага күбө болобуз деп ойлойм", — деди Удовиченко.
Буга чейин элчи Россия менен Кыргызстандын кызматташтыгынын алкагында кандай жетишкендиктер болгонун айтып берген.
Кыргызстандыктар кайсы учурда Россиядан бекер медициналык кызмат ала алат