БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Экономика жана коммерция министрлиги медициналык мекемелерге компьютердик томография алуу боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун жарыялады.
Министрлик менчик ишканаларды конкурска катышууга чакырат. Муну менен калкка компьютердик томография кызматынын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, инвестиция тартуу максатын көздөйт.
Аталган жабдууларды төмөнкү ооруканаларга орнотуу пландалган:
Республикалык диагностика борбору;
Балыкчы шаардык аймактык ооруканасы;
Өзгөн аймактык ооруканасы;
Токтогул аймактык ооруканасы;
Кадамжай аймактык ооруканасы;
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору,
Бул долбоорго Германия, Корея, Кытай жана башка өлкөлөрдөн инвесторлор кызыкдар болуп жатканы айтылды.
Конкурс тууралуу толук маалымат менен Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун сайтына www.ppp.gov.kg кирип таанышса болот. Табыштамалар 21-март саат 16:00гө чейин кабыл алынат.