Депутаттарга дагы бир жардамчы берилет. Жогорку Кеңештин структурасы бекиди

Парламенттин структурасын бекитүү маселеси жабык эшик артында каралды.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын структурасы бекитилип, депутаттарга бир жардамчы, бир консультант берилмей болду. Бул туурасында эл өкүлү Балбак Түлөбаев билдирди.
Парламенттин структурасын бекитүү маселеси жабык эшик артында каралды.
Түлөбаевдин айтымында, башка өзгөртүүлөр киргизилген жок. Кызматтык унаалар берилбейт, бир гана майыптыгы болгону үчүн Дастан Бекешев камсыздалат. Ага бир консультант, эки жардамчы берилет.
Ал эми кызматтык турак жайлар мурдагыдай эле алыскы региондон келгендерге бөлүнөт.
Белгилей кетсек, VII чакырылыштын депутаттары бирден жардамчы менен иштеген.
Айлык албай, үйү жок иштеген депутаттар. Кыргыз парламенти кантип өзгөргөн?