Депутат Султанбекова оң рулдуу унааларды алып келүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Депутат учурда кыргызстандыктар үчүнчү өлкөлөрдөн эски машиналарды сатып алууга аргасыз болуп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова чет өлкөдөн оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө коюлган чектөөнү алып салууну сунуштады.
Эл өкүлүнүн айтымында, жол кырсыктары оң рулдуу автоунаалардын айынан көп катталып жаткан жок. Статистика боюнча, авариялардын 60 пайызы жол эрежесин билбегендиктен болот.
"Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар Япониядан машина алып келе албайт. Буга байланыштуу алар Армения, Абхазия, Грузия сыяктуу үчүнчү өлкөдөн сатып алууга аргасыз болууда. Бирок алардын техникалык абалы жан кейитерлик. Эски унаалар экологияны бузуп жатат. Эл дагы эскини оңдоодон, күйүүчү майдан акчасын үнөмдөмөк. Андыктан бул маселени министрлер кабинетинде көтөрүп, ойлонуп көрүңүздөр. Бул чектөөнү алып салыш керек деп ойлойм", — деди Султанбекова.
Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев эгер Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тийишүү сунуштама берсе, карап көрүүгө даяр экенин билдирди.
Автонун терезесин караңгылатуу. ЖК мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды